теке I 1. козёл (нехолощёный); бука болсун, теке болсун, балдарыма сүт болсо, болгону пусть будет бугай, пусть будет козёл - всё равно, если для детей моих будет молоко; теке сал- оставлять козла в качестве производителя; жаман да болсо, өз улагыбыздан теке салабыз 1) хоть он плохонький, да всё же своего козлёнка оставим производителем; 2) перен. хоть плохонького, да своего поставим у власти; катын эрке болсо, эрине теке болот погов. если жена избалована, она для мужа своего козлом становится (т.е. властвует над ним); эликтин текеси самец косули; теке саргыл рыжий; 2. (точнее тоо теке) козерог, горный козёл (общее название козлов, коз, козлят); текенин жүгүрүгү брачный период у козерогов (ноябрь); теке-меке какие-то козлы, какие-нибудь козлы; мар теке козёл безрогий, но с твёрдой головой (по старым народным представлениям, жёлчь его очень едка, а печень помогает при мужском бессилии); 3. (иногда теке какшык) июль (см.ай I 2); кимиңердин текеңерди союп салдым, я? что вы на меня взъелись, а? (букв. у кого из вас я зарезал козла, а?); текеңди ким сойду? или текеңди бирөө сойдубу? или текеңди сойгон ким бар? какая тебя муха укусила? (что ты дуешься, сердишься, злишься?); теке сүздү нелёгкая задавила (букв. козёл боднул); бул жерге кайсы кара теке сүзүп келдик экен? какая это нелёгкая нас занесла сюда? сен кайсы текеге сүздүрдүң? что на тебя наехало? ты в уме? бычкан текедей (о мужчине) вялый; кузгү теке жыттанат имеет неприятный запах (букв. пахнет осенним козлом); кыз теке 1) поверье мальчик, одетый в костюм девочки, чтобы скрыть его истинный пол и обмануть враждебных духов; 2) гермафродит; сокур теке название игры; так теке 1) клоун на ниточке (клоуна изображает фигура козла; ниточки идут от клоуна к пальцам правой руки играющего на комузе или на варгане; клоун прыгает в такт музыке); так текесин ойнотуп, келин, кыздар дуулдайт стих. дёргая клоуна (в такт варгану), молодухи, девушки (весело) шумят; 2) название мелодии, исполняемой при демонстрации клоуна; көк теке южн. название маленькой птички; текенин өтүндөй заар едко, как жёлчь козла; теке маңдай (см.маңдай 2); текенин заары (см.заар I). теке II то же, чтотекей.
зат. Эчкинин эркеги (колдо багылганы жана жапайысы). Теке салуу. Тоо теке. ♦ Тактеке — жипке туташтырылган жана жипти тартып секиртип ойнотуу (көбүнчө комуз черткенде) үчүн жыгачтан жасалган текенин сөлөкөтү. Кызтеке — I) гермафродит; 2) кыздар менен көбүрөөк ойногон, кылык-жоругу кызга жакын болгон эркек бала.
ар. 1. кичливый, заносчивый, надменный; дымак - өрдө, ооз - баатыр, тил - текебер вожделение - высоко, рот - храбр, язык - кичлив (напр. о тех, кто обещает перевыполнить, исправить что-л. и т.п., не считаясь с возможностями); 2. привередливость.
зат.1. Кесирсинген, теңине албаган, менменсинген. Текебер адам. 2. Кесирдүүлүк, менменсигендик. Сенин текебериң мага жаккан жок (Байтемиров). Текебер көп өзүңдө, Күрүлдөйсүң чениң жок (Тоголок Молдо).
1. Кесир, бой көтөргөн, керсейген, теңине албаган, менменсинген. «Жол ачык, балам» – деп катты окуп. Жооп жазат текеберденбей. Текебер адам. 2. Кесирдүүлүк, менменсигендик. Сенин текебериң мага жаккан жок (Байтемиров). Текебер көп өзүңдө, Күрүлдөйсүң чениң жок (Тоголок Молдо).
(или текеберлик) 1. кичливость, заносчивость, надменность; текебердигин как- сбить спесь с кого-л.; текебердик болбосун не хвастаясь, не хвалясь (скажу), не сочтите за хвастовство; 2. привередливость.
«теке жоомарт. Мыкты күлүк ат, аргымак. Дүйшөнкулдун беш жыл болду бакканы, Тегиз күлүк, теке жоомарт аттары (Осмонкул) (КТФС 2001 :438). Теке жоомарт Телтору ат, Сын-сыпаты кем эмес, Бугу менен маралдан («Курманбек»). Бул фразеологизмдин келип чыгышы түркмөн элинин теке жана йомуд уруулары менен байланыштуу. Тактап айтканда, бул эки уруунун аттары коо бузган күлүк болгон. Биринчиси – атагы таш жарган ахалтекин жылкысы, чечмелеп айтканда, Ахалда жашаган теке уруусунун жылкысы. Экинчиси – йомуд жылкысы. Йомуд сөзү оозеки өздөштүрүлгөндүктөн, жоомарт болуп калса керек деп болжолдоого болот. Арап жылкысы чөлдөгү көчмөн арап уруусу бедуиндердин аты менен бедөө деп аталып калган сыяктуу эле түркмөн жылкысы да кыргыз тилинде теке жоомарт болуп калган.
1. Түркмөн элинин Теке жана Ёмуд деген урууларынын аты. 2. Мыкты күлүк ат, аргымак. Теке жоомарт ат минген, Темирдей көпкөн тон кийген («Манас»). Дүйшөнкулдун беш жыл болду бакканы, Тегиз күлүк, теке жоомарт аттары (Осмонкул).
1. Эчкинин эркеги (колдо багылганы жана жапайысы). Теке салуу. Тоо теке. 2. Элдик ай эсеби боюнча алтынчы айдын аты, какшыган жай чилдеси, июль айы. Теке айынын беш жаңысы (Сыдыкбеков). Теңине албас саратан, Теке какшык айы экен («Эл адабияты»). Көп жаңылып, күн эсебин так билбейт, Чын куранды Теке айы деп талашып (Эралиев).
Дал бет алды, бетме-бет турган тушу, бет-маңдай жак. Жапар телеграфтын теке маңдайына эс алды (Баялинов). Аялдар жоолуктарын баса байлап, теке маңдай отурбастан, кырын салып, кыйгач одоно отурушту («Чалкан»).
козелец (трава); кой текей или жылкы текей или тяньш. узун текей виды козельца (во время голода люди им питались); текей терип жүрөмбү, оттоп? что ж, я должен пастись, питаясь козельцом? текей терип жейли да бир жакка жылалы, балам давай-ка, дитя моё, наберём козельца, поедим, да двинемся куда-нибудь; текейден арзан гроши стоит, дешевле пареной репы; кулак текей южн. фаза игры в чижик, когда чижик закладывается за ухо противника и оттуда сбивается.
Ката элек, солкулдак кезинде желе турган бир катар өсүмдүктөрдүн жалпы наамы. Кой текей. Уй текей. Жылкы текей. Текей терип жейли да, бир жакка жылалы, балам (Токомбаев).
1. Өтө эле арзан. Бул жерде өтүк текейден арзан турат экен («Чалкан»). 2. Анча оордугу жок, колдон келе тургандай, эң эле оңой, жеңил. Аларды эпке көндүрүү текейден арзан («Ала-Тоо»). Текейден арзан иш.
1. Өтө эле арзан. Бул жерде өтүк текейден арзан турат экен («Чалкан»). 2. Анча оордугу жок, колдон келе тургандай, эң эле оңой, жеңил. Аларды эпке көндүрүү текейден арзан («Ала-Тоо»). Текейден арзан иш.
Эч нерсе кылбай бош жүрүү. Мурунтан эмне болдуң, текей оттоп жүрдүңбү? – деп, атам мага абдан ачууланды («Чалкан»). В.: Текей терүү. Силер бул жерге текей тергени келген жоксуңар! («Чалкан»).
Сенин кайсыл жериңден жаздык, сага эмне болду, эмнеге ачууланып коркутасың? Сенин текеңди сойдукпу? Түнөрбөй, каарданбай айтсаң боло? - деп, Карачалга тике айтууга эч ким чыкпады («Ала-Тоо»).
Сага кайсыл жерибизден жаздык, сага эмне болду, эмнеге ачууланып коркутасың деген мааниде айтылат. Чоң эне Динарга бурулду: – Эмне эле туйтуңдап калгансың. Сенин текеңди сойгон кишиң барбы? (Сыдыкбеков). Сенин текеңди сойдукпу? Түнөрбөй, каарданбай айтсаң боло? – деп, Карачалга тике айтууга эч ким чыкпады («Ала-Тоо»). В.: Текеңди ким сойду? Ой, жолуң болгур десе, мынча түнөргүдөй текеңди ким сойду? («Чалкан»). Текеңди бирөө сойдубу? И, эмне болуп кетти, текеңди бирөө сойдубу? («Ала-Тоо»).