Киргизско-русский словарь Юдахина
келе I
дай сюда, дай мне;
келе колуңдагыны дай то, что у тебя в руке;
көрөмбү мен көрбөймбү, коштошслук келе кол фольк. увижу я (тебя) или не увижу (неизвестно), давай руку, попрощаемся;
"келе" деген доом жок у меня нет никаких долгов;
"келе" деген доом жок болсо, ыңк эткен оорум жок болсо! погов. (хорошо было бы) если бы ко мне не было долговых претензий, если бы у меня не было и маленькой болезни!;
келе бакан, куу (или көк) союл скандалист, драчун.
келе II
ир.
1. мишура или канитель (нитка);
2. название дорогой материи;
келеден чапан мен түйдүм фольк. я сшила халат из келе.
келе III
ир.
рогатый скот; корова;
желеде келе, уюм бар фольк. на привязи у меня есть рогатый скот, на привязи у меня коровы;
өңгүрөп калган келеси фольк. коровы его громко мычали.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Кымкап өңдүү ткандарга бастыруу үчүн колдонулуучу жезден жасалган ичке сым жип, же алтын – күмүштүн буусуна кармаган ичке жип.
2. Абдан кымбат баалуу кездеме, материал. Келеден чапан мен түйдүм
КЕЛЕ II этиш. Бер деп суроону билдирүүчү сөз. Акман аке, келе комузду (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кымкап өңдүү кездемеге бастыруу үчүн колдонулуучу жезден жасалган ичке зым жип же алтын-күмүшкө буулатылган жип. Азапты тартып мен жүрдүм, Келеден чапан мен түйдүм («Эл адабияты»). 2. Абдан кымбат баалуу калың кездеме. Келеден чапан мен түйдүм.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөдөн талап кылууну, бергин деп суроону билдирүүчү сөз. «Келе бери ай балтаны!» – деген катуу кыйкырык чыгып, боз үйдүн айланасына жете келген аттын дүбүртү угулду («Ала-Тоо»). Акман аке, келе комузду (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чыр-чатакты жакшы көргөн, уруш десе тура жөнөгөн, уу десе, чуу деген, чуулгандуу. Кандай келе бакан, куу союл жигиттердин жыйырмасын тандады (Үмөталиев). Буйругу жок, неси жок, келе бакан, куу союл боло баштадыңар го (Юсмоналиев). -Ээ, балам, сенсиз деле кыргызда келе бакан, куу союл аз эмес, - деди Бурма (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чыр-чатакты жакшы көргөн, уруш десе тура жөнөгөн, уу десе, чуу деген, чуулгандуу. Кандай келе бакан, куу союл жигиттердин жыйырмасын тандады (Үмөталиев). Буйругу жок, неси жок, келе бакан, куу союл боло баштадыңар го (Осмоналиев). – Ээ, балам, сенсиз деле кыргызда келе бакан, куу союл аз эмес, – деди Бурма (Токомбаев). В.: Келе бакан. Келе бакан жигиттер бир-бирине карап, таңданып турушту (Укаев). Келе бакан, көк союл. Бул кайсы келе бакан, көк союл?

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Чала, толук эмес уюган (көбүнчө айран, сүт жөнүндө).
Келегей тартып, ирип туруп алды (Убукеев).
2. Так, таасын сүйлөй албаган, тантык. Тили келегей. Тили.. келегей болгондуктан ал «р» тамгасын «й» деп айтчу («Жаш ленинчи»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Толук эмес, чала уюган, чалалыгы бар. Келегей айран. Келегей тартып ирип туруп алды. (Убукеев). 2. Таасын сүйлөй албаган, тили чалыштаган, тантык. Тили баланыкындай келегей болгондуктан, ал «р» тамгасын «й» деп айтчу («Жаш ленинчи»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: келем шарып или келеме шарып ар. коран, священное слово;
келем шарып карма- клясться на коране;
ак буудай унун чайнады, келеме шарып кармады фольк. (в подтверждение клятвы) он жевал муку из белой пшеницы и держал в руках коран.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЕЛЕМЕ ШАРЫП (арабча келаму-шариф, калем — сөз, сүйлөм; шариф-ыйык) — эпостун негизги варианттарында эскерилген ислам дининин уютку китеби Курандын элестүү аталыштарынын бири (мисалы, келамул-керим — кайрымдуунун сөзү жана башкалар). К. ш. Манаста «куран» терминине синоним катары кеңири пайдаланылат. Убадалашуунун өтө олуттуу түрү — ант берүү маалында Манас жана анын ишенимдүү жөкөрлөрү, чоролору, талапкерлери, насаатчылары тарабынан К. ш. кармалган. Адатта К. ш. кармоо жөрөлгөсү кыргыздын мусулман динин кабылдаганга чейинки «ак буудай унун (нанын) чайноо», «колун канга малуу», жоокердик курал менен касам ичүү (кылыч мизин кармап же жалап, аккелтени оозанып жана башкалар) сыяктуу жөрөлгөлөрү менен тыгыз байланышта ишке ашкан.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (чаще келеңкер чачпак) украшение из ниток с разными брелоками и побрякушками, приплетаемое к женской косе;
келеңкер чачпак келин бар, бойго жеткен уулу бар фольк. у него есть сноха с украшением на косе, у него есть взрослый сын;
2. этн. иносказательно змея;
алтымыш баштуу, жүз көздүү боору кызыл келеңкер, сырты чаар келеңкер, тыбыратпай, шыдыр чык! (из заговора против укуса змей) шестидесятиглавая краснобрюхая змея, внешностью пёстрая змея, не трепыхайся, выходи без задержки!

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЕЛЕҢКЕР ЧАЧПАК — жаш келиндер, орто жаштагы аялдар аркасына өрүлгөн чачтарынын учуна тагынуучу асемдик буюм. Ал бири-бирине шакекчелер менен бириктирилген тегерек, үч, төрт бурчтук формадагы күмүш тыйын жибек чачыктардан турат. Эпосто К. ч. төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Келеңкер чачпак кең соору, Келбети нурдун кызылдай, Узун бойлуу жал-жал көз», (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 131), «Келеңкер чачпак бир кучак, Май сооруда жаркылдайт, Балтыркандай солкулдайт» (Радлов жазып алган вариант). Келенкор кездемесинен жасалган чачпак.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. моток;
келеп жип нитки в мотке (не на катушке);
бир келеп жип один моток ниток;
келеп темир фольк. тонкая металлическая проволока;
2. перен. южн. [кәләв]
то же, что чалма II;
оң-сол чалып оронгон мен кэлэвиң болоюн фольк. я буду твоим арканом, обвивающим (тебя) справа и слева.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Боло турган же болуп жаткан иштин шартына ылайык кеңеш катары айтыла турган ар кандай сөздөр. Келер-кетер сөздөрдү сүйлөдү («Ала-Тоо»). Келер-кетер сөздөрдү билип турган жан экен («Эр Төштүк»). Зуннахунга абдан таанышып калуу үчүн келер-кетер сөздөрдүн бардыгын айтышты (Жантөшев). ...Кайрат кыл... деп келер-кетер сөздөрдү айтып, жетилигин өткөргөнгө жеткирбей орокко алып чыктык (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Боло турган же болуп жаткан иштин шартына ылайык кеңеш катары айтыла турган ар кандай сөздөр. Келер-кетер сөздөрдү сүйлөдү («Ала-Тоо»). Келер-кетер сөздөрдү билип турган жан экен («Эр Төштүк»). Зуннахунга абдан таанышып калуу үчүн келер-кетер сөздөрдүн бардыгын айтышты (Жантөшев). Кайрат кыл... – деп келер-кетер сөздөрдү айтып, жетилигин өткөргөнгө жеткирбей орокко алып чыктык (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмки боло турган, келе турган, эми болуучу. Келерки жыл. Келерки жай. Келерки жолу. Келерки түшүм үчүн эртелеп кам көрө баштадык («Кыргызстан аялдары»). Ошентип, келерки жаз сөзсүз биздин жазыбыз болот! (Сасыкбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
келече, келеч:
кеп-келече или кеп-келеч или келеч сөз разговоры, новости, пересуды;
эмне (или кандай) кеп-келечиң бар? что скажешь?, с каким делом пришёл?
шаарда кандай кеп-келече бар? какие разговоры в городе? что в городе нового?
кеп-келеч айтышып, күлкү болуп, береке менен отурабыз мы сидим мирно, смеёмся, рассказывая всякую всячину;
кеп-келечте жок захудалый, никудышный.