1. место лежания; ночлег; 2. место лёжки, логово, берлога; аюунун жатагы медвежья берлога; бөдөнөнүн жатагын көр да, этине таарынба погов. посмотри на гнездо (букв. логово) перепёлки и не обижайся на её мясо (что его мало); 3. ист. постоянное жилище (остающееся на одном месте зимой и летом); жатакка кал- остаться на лето на месте зимовки, не перекочёвывая на летние пастбища; 4. то же, что жатаккана; 5. то же, что жатакчы; бир жерден кыймылдабай оокат кылган Алымкул жатак эле кышы-жайы стих. Алымкул был джатаком, он зимой и летом находил пропитание, не двигаясь с места; 6. лежебока, лодырь; коён жатагына чейин билет он сквозь землю видит (букв. он знает (всё) вплоть до места лёжки зайца); ит жатак ранняя весна (когда снег только начинает сходить и образуются проталины площадью с место, на которое может улечься собака); кар ит жатак болуп калыптыр снег растаял и остались только отдельные его кучки; жатак ат чатк.то же, чтожаталак.
зат.1. Түнөк, жатууга арналган орун, жата турган жер. Аюунун жатагы. Бөдөнөнүн жатагын көр да, этине таарынба (макал).
2. эс. Дайым турган жер, жайы-кышы жашаган турак. (Жатакка кал. Элиң жатса жатакта, Малынса башың чатакка, Чыкпаса эстен сүйгөнүң, Бул да жаткан азап да (Турусбеков). Жарды кайдан байысын, Жай жатакка жатканы. Омурткасын оркойтуп, Жайлай бычак чапканы (Каралаев).
3. Аялдар эркек балдарга карата жактырбаган иретинде айтылуучу жеме сөз. Какшаган жатак, байкап айт, Кайнатамын шоруңду (Осмонкул).
1. Түнөк, жатууга арналган жай, жата турган жер. Бөдөнөнүн жатагын көр да, этине таарынба (макал). 2. Дайыма жайы-кышы жашай турган жай, жайлоодон көчүп кетпей жашай бере турган жер. Ушул дөңдүн түбү – Кабылдын жатагы (Элебаев). Эл жатакты көздөй шашыла бастырышат (Бейшеналиев). Жемиш жейт элем деп жатакта калгыча, Айсараланы алкынтып ашуу ашам (Сыдыкбеков). 3. аңч. Аңдын ар убак жатуучу көнгөн жери, ийини, чээни. 4. Жалкоо, жатып ичер. Бул мүнөз жалкоолуктан болгон мүнөз, Жан аяп, жалкоо жүргөн көп жатак бар (Тоголок Молдо). 5. Аялдар эркек балдарга карата жактырбоо иретинде айтылуучу жеме сөз. Какшаган жатак байкап айт, Кайнатамын шоруңду (Осмонкул).
зат. Көбүнчө бир ишканада иштеген адамдар же бир окуу жайында окуган окуучулар бирге тура турган үй, жай, имарат. Жатаканадан орун берет (Бейшеналиев). Экөөбүз анын жатаканасынан чыктык (Шимеев).
Көбүнчө бир ишканада иштеген адамдар же бир окуу жайында окуган окуучулар жашап тура турган үй, жай, имарат. Сабира бой жумушчуларга арналган жалпы жатаканада турат (Сасыкбаев). Жатаканага кеч бардык (Касымбеков). Экөөбүз анын жатаканасынан чыктык (Шимеев).
1. Түнөө, жатуу, жатак катарында пайдалануу. Арасын коён жатактап жүрүүчү эле дешет (Сыдыкбеков). 2. Дайыма белгилүү бир турак-жайда болуу, жатакта калуу. Асан карыя менен Сатылган дайыма бир жерди жатактаган (Токомбаев).
ист. джатак (бедняк, который, не имея скота, вынужден был и лето проводить на зимовке); жатакчыны тер кысса, жүгүн жөө ташыйт погов. когда джатака (летом) пот донимает, он пешком свои вещи (на джайлау) таскает; жатакчынын итиндей чуулда беспорядочно галдеть, громко переругиваясь, шуметь (букв. шуметь, как собаки джатака).
зат.тар. Жайында жатакта калуучу, жайлоого көчүп кетүүгө малы, башка кудурети болбогондуктан, өз жатагында калууга аргасыз болгон кедей.Чарчаган жатакчылар жумуш кылып, Сүйлөшчү кечке жуук дөңгө чыгып (Турусбеков). Бул кубаныч жалгыз гана Бурма менен Токтогулга эмес, бардык жатакчылардын кубанчы болду (Аалы).
тар. Жайлоого көчүп кетүүгө малы же башка мүмкүнчүлүгү болбогон, өз жатагында калууга аргасыз болгон кедей, жайында жатакта калуучу. Каныбек жакын арадагы ылым санашкан жатакчыларды чакырды (Жантөшев). Сен анда жылаңайлак, жатакчынын кызы элең (Айтматов). Кылычбек болуш тилмечи жок жалгыз келген соң, өрөөндүктүн айтканын оодара берсин деп жатакчы Эгинчини чакыртпайбы. (Абакиров).
1. Бир жатып, бир туруп ооналактаган жылкы оорусу. Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт (макал). Чычалак көнөт, жаталак өлөт (макал). 2. өт. Чыдамсыз, жеңил, көтөрүмү жок. Чабал жигит белгиси, Чарчап кеткен эмедей. Бак консо болот жаталак (Осмонкул).
Жаткызып-тургузуп ооналактата берүүчү жылкынын оорусу жаталак делет. Бул сөз жат+ала+к деген бөлүктөрдөн турат. Жат уңгусуна кыймыл-аракеттин көп кайталанышын туюнткан -ала мүчөсү кошулган. Мындай мүчө куу – кубала, теп – тебеле, сеп – себеле сыяктуу учурларда кездешет. Ошол мүчөдөн кийин атооч жасоочу -к мүчө уланып, жаталак сөзү келип чыккан.
этиш.1. Жаталак болуп ооруу, бир жатып, бир туруп, ооналактоо.[Андрей].. базарга бир ат минип барса, жаталактап өлүп калган (Байтемиров). Түндө бир ат жаталактап калгандыгы, Жөнүндө кабар келип, ага барам деп Мурат жаанга калган (Байтемиров). 2. өт. Чыдамсыздануу, жеңилдик кылуу.