Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Түнөк, жатууга арналган жай, жата турган жер. Бөдөнөнүн жатагын көр да, этине таарынба (макал). 2. Дайыма жайы-кышы жашай турган жай, жайлоодон көчүп кетпей жашай бере турган жер. Ушул дөңдүн түбү – Кабылдын жатагы (Элебаев). Эл жатакты көздөй шашыла бастырышат (Бейшеналиев). Жемиш жейт элем деп жатакта калгыча, Айсараланы алкынтып ашуу ашам (Сыдыкбеков). 3. аңч. Аңдын ар убак жатуучу көнгөн жери, ийини, чээни. 4. Жалкоо, жатып ичер. Бул мүнөз жалкоолуктан болгон мүнөз, Жан аяп, жалкоо жүргөн көп жатак бар (Тоголок Молдо). 5. Аялдар эркек балдарга карата жактырбоо иретинде айтылуучу жеме сөз. Какшаган жатак байкап айт, Кайнатамын шоруңду (Осмонкул).