Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир жатып, бир туруп ооналактаган жылкы оорусу. Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт (макал). Чычалак көнөт, жаталак өлөт (макал). 2. өт. Чыдамсыз, жеңил, көтөрүмү жок. Чабал жигит белгиси, Чарчап кеткен эмедей. Бак консо болот жаталак (Осмонкул).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Жаткызып-тургузуп ооналактата берүүчү жылкынын оорусу жаталак делет. Бул сөз жат+ала+к деген бөлүктөрдөн турат. Жат уңгусуна кыймыл-аракеттин көп кайталанышын туюнткан -ала мүчөсү кошулган. Мындай мүчө куу – кубала, теп – тебеле, сеп – себеле сыяктуу учурларда кездешет. Ошол мүчөдөн кийин атооч жасоочу -к мүчө уланып, жаталак сөзү келип чыккан.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жаталак болуп ооруу, бир жатып, бир туруп, ооналактоо. [Андрей].. базарга бир ат минип барса, жаталактап өлүп калган (Байтемиров). Түндө бир ат жаталактап калгандыгы, Жөнүндө кабар келип, ага барам деп Мурат жаанга калган (Байтемиров).
2. өт. Чыдамсыздануу, жеңилдик кылуу.