Киргизско-русский словарь Юдахина
ист.
джатак (бедняк, который, не имея скота, вынужден был и лето проводить на зимовке);
жатакчыны тер кысса, жүгүн жөө ташыйт погов. когда джатака (летом) пот донимает, он пешком свои вещи (на джайлау) таскает;
жатакчынын итиндей чуулда беспорядочно галдеть, громко переругиваясь, шуметь (букв. шуметь, как собаки джатака).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. тар. Жайында жатакта калуучу, жайлоого көчүп кетүүгө малы, башка кудурети болбогондуктан, өз жатагында калууга аргасыз болгон кедей. Чарчаган жатакчылар жумуш кылып, Сүйлөшчү кечке жуук дөңгө чыгып (Турусбеков). Бул кубаныч жалгыз гана Бурма менен Токтогулга эмес, бардык жатакчылардын кубанчы болду (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
тар. Жайлоого көчүп кетүүгө малы же башка мүмкүнчүлүгү болбогон, өз жатагында калууга аргасыз болгон кедей, жайында жатакта калуучу. Каныбек жакын арадагы ылым санашкан жатакчыларды чакырды (Жантөшев). Сен анда жылаңайлак, жатакчынын кызы элең (Айтматов). Кылычбек болуш тилмечи жок жалгыз келген соң, өрөөндүктүн айтканын оодара берсин деп жатакчы Эгинчини чакыртпайбы. (Абакиров).