ЖАТАКЧЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015тар. Жайлоого көчүп кетүүгө малы же башка мүмкүнчүлүгү болбогон, өз жатагында калууга аргасыз болгон кедей, жайында жатакта калуучу. Каныбек жакын арадагы ылым санашкан жатакчыларды чакырды (Жантөшев). Сен анда жылаңайлак, жатакчынын кызы элең (Айтматов). Кылычбек болуш тилмечи жок жалгыз келген соң, өрөөндүктүн айтканын оодара берсин деп жатакчы Эгинчини чакыртпайбы. (Абакиров).