жатак
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Түнөк, жатууга арналган орун, жата турган жер. Аюунун жатагы. Бөдөнөнүн жатагын көр да, этине таарынба (макал).
- 2. эс. Дайым турган жер, жайы-кышы жашаган турак. (Жатакка кал. Элиң жатса жатакта, Малынса башың чатакка, Чыкпаса эстен сүйгөнүң, Бул да жаткан азап да (Турусбеков). Жарды кайдан байысын, Жай жатакка жатканы. Омурткасын оркойтуп, Жайлай бычак чапканы (Каралаев).
- 3. Аялдар эркек балдарга карата жактырбаган иретинде айтылуучу жеме сөз. Какшаган жатак, байкап айт, Кайнатамын шоруңду (Осмонкул).