Киргизско-русский словарь Юдахина
бүт I
целый; целиком, сполна, полностью;
акчаңды бүт бердим я твои деньги отдал сполна;
бүт бойдон целиком, полностью; совершенно;
бүт жана толук бойдон целиком и полностью.
бүт- II
1. кончать, заканчивать;
ишиңди эртерээк бүт кончай своё дело пораньше;
мен быйыл онунчу классты бүттүм в этом году я кончил десятый класс;
2. кончаться, заканчиваться;
ишим бүттү моя работа закончилась;
окуу качан бүтөт? когда кончится учёба?
өзү бүтөт самотёк (букв. само закончится);
өзү бүтөткө ишен- положиться на самотёк;
бүткөн
1) закончившийся;
2) весь, целиком;
калмак, кыргыз бүткөнү карап турду жарданып фольк. все калмыки и киргизы стояли и удивлённо смотрели;
жан бүткөндүн баары
1) все живые существа, всё живое;
2) весь народ, все люди;
3. вырастать, произрастать;
атка жал бүттү у коня выросла грива;
ала бата шорго бүтөт, акмакка сакал бүтөт погов. лебеда растёт на солончаке, а борода (и) на дураке;
жебес жерге чөп бүтөт, ичпес жерге суу бүтөт погов. трава вырастает там, где (её) не едят, вода появляется там, где (её) не пьют или (ею) не орошают;
4. зарождаться (во чреве), родиться;
боюна бүттү она зачала, забеременела;
катасынан бүткөн он зародился от блуда (с таким-то);
көк жал Манас айкөлдөн, атасынан бүткөн дейт; кан Манастын акылман катынынан бүткөн дейт фольк. (богатырь Семетей) зарождён от такого отца, как сивогривый Манас великодушный; он рождён мудрой женой хана Манаса;
Медетбек Таласка бүткөн Медетбек родился в Таласе;
5. возникать, создаваться;
жер бүткөндөн с начала мира (вселенной);
ай алдында булуттун салкынынан бүткөндөй фольк. она будто создана из прохлады подлунного облака;
6. заживать; закрываться, забиваться (напр. об ушах, в которых скопилась грязь; о перевале, забитом снегом);
жарасы бүтө элек у него рана ещё не зажила;
суусагамы басылып, бүткөн кулак ачылып фольк. жажда его утолена, оглохшие уши открылись;
ашуулардын баары бүтүп калды все горные перевалы закрылись (завалены снегом);
бүттү! кончено! (больше не повторится или чтобы больше не повторялось или к этому возвращаться не будем);
сөз бүттү! сказано - сделано!;
бүтөөр-бүткүчө до полного окончания;
газетаны окуп бүтөөр-бүткүчө (до тех пор) пока (не) кончил читать газету.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I такт. Бардык, бүткүл, чогуу, толугу менен. [Тенти].. ар бирибиздин кыял-жоругубузду бүт билчү (Бейшеналиев). Сен күйгүзгөн шам чырак, Бүт дүйнөдө жагылар (Бөкөнбаев).
БҮТ II этиш. 1. Аяктоо, аягына жеткире иштөө, иштеп аткарып болуу. Колхозубуздун жаштары онунчу классты бүткөндөн кийин, шаардан окууга кетишти (Убукеев).
2. Түгөнүү, жок болуу; өтүп кетүү. Кымызды бүтөт деп ойлобогула! (Сыдыкбеков). Мезгилиң бүттү, сен тынч алып жаткын, аба, Кезекти берип мага (Борбугулов).
3. Пайда болуу, жаралуу; түйүлүү. Жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт (макал). Булуттан чыккан айдайым, Буудандан бүткөн тайдайым (Аалы). Эр Манас бойго бүткөнү Тамам үч ай өтүптүр («Манас»).
4. Айыгуу, калыбына келүү. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт (макал).
5. Бүтөлүп, жылчыксыз болуп бекип калуу. Ийненин көзү бүтүп, учук өткүс болуп калды («Ала-Тоо»). Бүгүн башым ооруп, мурдум бүткөнсүп калыптыр («Советтик Кыргызстан»). [Жумагүл].. барабара үнү бүтүп кезек-кезек гана үч чыгып, шалкайып калды (Байтемиров).
6. Биротоло жок болуу, ойрондолуу, чегине жетүү. Ишибиз бүткөн экен. Курулай аракеттин пайдасы жок («Ала-Тоо»). Өзүбүз бүттүк жүдөп (Шүкүрбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Баштаган ишти аягына жеткире иштөө, аягына чейин иштөө, аяктоо. Жер казуу жумушун үч-төрт күндө бүтөбүз (Убукеев). Чогулуштун акыры демилгелүү сөздөр менен бүттү (Убукеев). 2. Пайда болуу, жаралуу. Асман менен жериңдин Ширөөсүнөн бүткөндөй («Манас»). Адамча сүйлөп турду эми Чалкуйрукка тил бүтүп («Эр Төштүк»). 3. Айыгуу, калыбына келүү. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт (макал). 4. Түгөнүү, жок болуу. Кымызды бүтөт деп ойлобогула (Сыдыкбеков). 5. Жылчык, көзөнөк ж. б. бүтөлүп калуу Ийненин көзү бүтүп, учук өткүс болуп калыптыр («Ала-Тоо»). || Тамагы буулуп, үнү чыкпоо. үнүм бүтүп жатат. 6. Айласы, амалы кетүү, жадоо. Бүттүм. Мен буга айтып отуруп бүттүм. өзүбүз да жүдөп бүттүк (Шүкүрбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капысынан, күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир жагымсыз нерсени көргөндө, же жагымсыз начар кабарды укканда чочуп кетип денеси жыйрыла түшүү. Байкабай отуруп анын жүзүн көргөндө бүткөн боюм дүр дей түштү («Ала-Тоо»). Ошенткен сайын бүткөн боюм дүр дей түшүп жатты (Жоошбаев). Кубарган эки нерсе кардын үстүндө сойлоп бара жаткансыганда, анын жүрөгү болк этип, бүткөн бою дүр дей түштү (Жантөшев). В.: Бүткөн бою дүр этүү. Карышкырдын өлүгүн көргөндө бүткөн бою дүр этип, тизелери калтырап кетти (Жигитов). Ракыя айтар замат бүткөн бою дүр этип ысый түштү да, кайра, «койчу»! деп алды (Мидин). Бүткөн бою дүркүрөө. Ошол замат жүрөгү шуу дей түшүп, бүткөн бою дүркүрөп, жаны оозуна тыгылды (Жигитов). Бала болсом да согуш деген түрү суук сөздү укканда бүткөн боюм дүркүрөп кетет (Бердикеев). Бүткөн бою дүрүлдөө. Ушундан кийин мышыкты көрсөм эле итатайым тутулуп, бүткөн боюм дүрүлдөй түшөт (Борбиев). Бою дүр дей түшүү. Аны укканда боюм дүр дей түштү (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Капысынан, күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир жагымсыз нерсени көргөндө же жагымсыз начар кабарды укканда чочуп кетип денеси жыйрыла түшүү. Байкабай отуруп анын жүзүн көргөндө бүткөн боюм дүр дей түштү («Ала-Тоо»). Ошенткен сайын бүткөн боюм дүр дей түшүп жатты (Жоошбаев). Кубарган эки нерсе кардын үстүндө сойлоп бара жаткансыганда, анын жүрөгү болк этип, бүткөн бою дүр дей түштү (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БҮТКӨН БОЮ ЫМЫР-ЧЫМЫР БОЛУУ Каттын аягына чыккыча бүткөн бою чымырап, от менен жалын болуп, кара терге түштү (Абдукаимов). Ыскактын бүткөн бою чымырап, .. кулагы чуулдап, элейген калыбына таштай катты («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
өтө корккондо, же сүйүнгөндө денени майда калтырак баскандай кандайдыр жагымсыз сезим пайда болуу, денеси ысып кеткен сыяктанып сезилүү. Акийманын беттери албырып, көздөрү жайнап, бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, маңдайынан тер чыпылдай түштү (Жантөшев). Бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, көзүнө эчтеке көрүнбөй, атына камчы уруп, ылдам жүрүп кетти (Абдукаимов). В.: Бүткөн бою чымыроо. Каттын аягына чыккыча бүткөн бою чымырап, от менен жалын болуп, кара терге түштү (Абдукаимов). Ыскактын бүткөн бою чымырап, кулагы чуулдап, элейген калыбында таштай катты («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө корккондо же сүйүнгөндө денени майда калтырак баскандай кандайдыр жагымсыз сезим пайда болуу, денеси ысып кеткен сыяктанып сезилүү. Акийманын беттери албырып, көздөрү жайнап, бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, маңдайынан тер чыпылдай түштү (Жантөшев). Бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, көзүнө эчтеке көрүнбөй, атына камчы уруп, ылдам жүрүп кетти (Абдукаимов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БҮТКӨН ЖАБДУУЛАР – түздөнтүз же түздөнтүз эмес абоненттик линиялар же туташтырылуучу зым, оптикалык-булалык жана электр жолун тартуучу шаймандарды пайдалануу аркылуу электр байланыш каражаттарынын жардамы менен пайдалануучу кабарларды берүүчү, кайра жаратуучу же кабыл алуучу техникалык каражаттар же жабдуулар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БАНК – БУУнун адистештирилген мекемелеринин бири: Эларалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЭКӨБ), Эларалык каржы корпорациясы (ЭКК), Эларалык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА), Көп тараптуу инвестициялык кепилдиктер боюнча агенттиги (КТИК), Эларалык инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча борбор (ЭИЖСБ) кирет.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БҮТКҮЛ СОЮЗДУК V ТҮРКОЛОГИЯ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ — 1988-ж. 7—9-сентябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында түркология боюнча кезектеги өткөрүлгөн атайын илимий жыйын. Жыйынга мурдагы СССРдин аркыл шаарларынан 400гө жакын окумуштуулар катышып, анда түрк элдеринин тилдеринин, тарыхынын, этнографиясынын, адабияты менен элдик оозеки чыгармачылыгынын түрдүү маселелерине арналган илимий докладдар, билдирүүлөр, тыякак-ойлор айтылган. Конференциянын чегинде кыргыз элинин улуу эпосу «Манас» боюнча атайын симпозиум өткөрүлгөн, к. Симпозиум.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Туюктоо, тосуу, толтуруу; оңдоо, түзөтүү. Жамап-жазгап, кийим-кечегибизди бүтөп алгыча коё турат бекен? («Ала-Тоо»). Катуу согуш болду эми. Топурак учуп, чаң каптап, Адамдын көзүн бүтөдү («Манас»).
2. Бүтүрүү, басуу, тыюу. Жакшы жигит белгиси, Айылдан чыккан чатакты Жайлаштырып бүтөгөн (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
сделать целым, сплошным, заделать отверстия;
топурак учуп, чаң каптап, адамдын козүн бүтөдү фольк. поднималась глина, покрывала пыль и забивала сплошь глаза людей;
кулак бүтө-
1) забить уши (напр. пылью);
2) перен. заткнуть рот кому-л. (заставить молчать взяткой, лестью и т.п.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин ачык жерин бекитүү, тешиктерин тосуу, толтуруу, туюктоо. Суук кирбесин деп, терезенин жылчыктарын бүтөдүм. 2. үстү-башын жаңыртуу, кем-карчтарын толуктоо. Кийим-кечегин бүтөп алуу. // Ийгиликти иреттеп Бүтөгүлө колхозду (Барпы). Жумуш күчөп, жыл артынан жыл кууп, Оңдоп бүтөп, улам бийик кең куруп (Осмонов). 3. диал. Бүтүрүү, аягына чыга иштөө бүткөрүү. Палан кезде паландай иш бүтөп берген элем деп айтышка акыбыз жок (Касымбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.- страд. от бүтө-;
үстү бүтөлүп, карындары тойду они приоделись и насытились (перестали испытывать нужду в одежде и пище);
этеги (или төшү) бүтөлүп, жеңи узарды он живёт сносно, рваным не ходит (букв. у него полы стали целыми и рукава удлинились).

Киргизско-русский словарь Юдахина
бүтөө I
и. д. от бүтө-.
бүтөө II
закрытый со всех сторон;
асман ачык, жер бүтөө, армандуу мүшкүл күн болуп фольк. небо открыто (но туда не поднимешься), земля закрыта (в неё не спрячешься) - настало время горестное, трудное (спасения нет);
акчанын бүтөөсү невскрытая пачка денег.

Киргизско-русский словарь Юдахина
соглашение, примиренне; решение (судебное);
бийдин бүтүмү менен ист. по решению бия (см. бий II);
бүтүм ал- уст. взять отступного, взять вознаграждение за примирение;
бүтүмдөн тогуздун бирин бий алган за решение бий брал одну девятую (присуждённой суммы);
сырт бүтүм ист. юр. заочное решение.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Сделка (Dealing) —Действие, направленное на установление, изменение или прекращение правоотношений юридических и физических лиц; переход финансового инструмента (денег, банковских документов, ценных бумаг) или прав собственности по нему от одного лица к другому.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БҮТҮМ – жарандын жана юридикалык жактын жарандык укук менен милдеттерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган аракети. Жарандык укук менен жарандык мыйзамдар институту Б-дүн бирнече түрүн бөлүп көрсөтөт. Баарыдан мурда, Б. эки же көп жана бир тараптуу болушу мүмкүн. Б. ошондой эле шарттуу (т. а. кийинкиге калтыруу же жокко чыгаруу шарттары алдында жасалган), бекер жана акы төлөнгөн, тил табышуучулук жана иш жүзүндөгү, каузалдык болушу мүмкүн. Б. оозеки же жазуу жүзүндө (жөнөкөй же нотариалдык) түзүлөт. Кээбир учурларда мыйзам Б-дүн мамлекеттик каттоодон өтүшүн талап кылат. Милдеттүү мыйзам талаптарына жооп бербеген Б. сот тарабынан ушундай деп таанылгандыктан (талаш бүтүм), болбосо мындай деп таанылбай туруп эле (жараксыз бүтүм), жараксыз болуп саналат. Жараксыз Б. ал жасалган маалдан тартып эле ушундай болуп саналып, анын жараксыздыгы менен байланышкандан башкасы, юридикалык кесепетин тарттырбайт. Ошону менен бирге, баардык тарап алган нерселеринин баардыгын кайтарып берүүгө милдеттүү (кара:Реституция).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. экон. Мүлктүк жана аны менен байланыштуу мүлктүк эмес жеке карым-катыштарды жөнгө салып туруучу жаран укуктарынын жана милдеттенмелеринин токтотулушун же өзгөрүшүн белгилөөгө багытталган жеке же юридикалык жактардын иш-аракеттери. Эки тараптын ортосундагы баалуулуктарды коммерциялык алмашуу. 2. Кеңешип чечкен чечим, макулдашкан жыйынтык, чыгарылган өкүм. Жүрөк сыздаганы менен айылдын карысынын бүтүмү бүтүм болду (Сыдыкбеков). Эки жактын эл билермандары баш кошуп, сүйлөшүп, бүтүм чыгарат (Элебаев). Сенин сыртыңдан бүтүм чыгарат (Байтемиров).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БҮТҮМ ВАЛЮТАСЫ – тышкы соода келишиминде товардын баасы белгиленүүчү же берилген эларалык кредиттин суммасы туюнтулуучу валюта. Эреже катары, Б. в. катары салыштырмалуу туруктуу валюталар колдонулат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. целый; целиком, весь;
бүтүн дүнүйө пролетарлары, бириккиле! пролетарии всех стран (букв. всего мира), соединяйтесь! (см. бардык I 2);
2. цельный, неразрозненный; единый;
айылы бүтүн аман жүрөт погов. у кого аул един (сплочён), тот живёт спокойно;
кийими бүтүн
1) у него одежда целая;
2). одет он прилично (в рваном не ходит).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Сынбаган, сыныгы жок, туташ, жыртылбаган. Үй ичи тың, кийми бүтүн, Эгини мол, карды ток (Нуркамал). Терезенин.. төрт көзүнүн тең айнектери бүтүн (Сыдыкбеков).
2. Бүткүл, бардык, бүт. Бүтүн дүйнө бир кишидей сүйлөшөт деген эле ушул (Сыдыкбеков). Бүтүн дүйнө бизге гана таянат (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жыртык-тешиги жок, айрыгы жок, жыртылбаган. Жылуу тамак, бүтүн көйнөк көрбөгөн, Таткан эмес байдын ичкен ашынан (Токомбаев). 2. Сынган-бүлгөнү жок, сыныгы, жаракасы жок, кетилбеген, бузулбаган, кемирилбеген. Терезенин төрт көзүнүн тең айнектери бүтүн (Сыдыкбеков). 3. Бүткүл, бардык, бүт, бүтүндөй. Бүтүн сырын Төштүктүн, Абайлап билип алды дейт («Эр Төштүк»). Бүтүн күмүш көрүнөт Колуна салган шакеги (Токтогул).