БүТүМ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015 1. экон. Мүлктүк жана аны менен байланыштуу мүлктүк эмес жеке карым-катыштарды жөнгө салып туруучу жаран укуктарынын жана милдеттенмелеринин токтотулушун же өзгөрүшүн белгилөөгө багытталган жеке же юридикалык жактардын иш-аракеттери. Эки тараптын ортосундагы баалуулуктарды коммерциялык алмашуу. 2. Кеңешип чечкен чечим, макулдашкан жыйынтык, чыгарылган өкүм. Жүрөк сыздаганы менен айылдын карысынын бүтүмү бүтүм болду (Сыдыкбеков). Эки жактын эл билермандары баш кошуп, сүйлөшүп, бүтүм чыгарат (Элебаев). Сенин сыртыңдан бүтүм чыгарат (Байтемиров).