Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I такт. Бардык, бүткүл, чогуу, толугу менен. [Тенти].. ар бирибиздин кыял-жоругубузду бүт билчү (Бейшеналиев). Сен күйгүзгөн шам чырак, Бүт дүйнөдө жагылар (Бөкөнбаев).
БҮТ II этиш. 1. Аяктоо, аягына жеткире иштөө, иштеп аткарып болуу. Колхозубуздун жаштары онунчу классты бүткөндөн кийин, шаардан окууга кетишти (Убукеев).
2. Түгөнүү, жок болуу; өтүп кетүү. Кымызды бүтөт деп ойлобогула! (Сыдыкбеков). Мезгилиң бүттү, сен тынч алып жаткын, аба, Кезекти берип мага (Борбугулов).
3. Пайда болуу, жаралуу; түйүлүү. Жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт (макал). Булуттан чыккан айдайым, Буудандан бүткөн тайдайым (Аалы). Эр Манас бойго бүткөнү Тамам үч ай өтүптүр («Манас»).
4. Айыгуу, калыбына келүү. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт (макал).
5. Бүтөлүп, жылчыксыз болуп бекип калуу. Ийненин көзү бүтүп, учук өткүс болуп калды («Ала-Тоо»). Бүгүн башым ооруп, мурдум бүткөнсүп калыптыр («Советтик Кыргызстан»). [Жумагүл].. барабара үнү бүтүп кезек-кезек гана үч чыгып, шалкайып калды (Байтемиров).
6. Биротоло жок болуу, ойрондолуу, чегине жетүү. Ишибиз бүткөн экен. Курулай аракеттин пайдасы жок («Ала-Тоо»). Өзүбүз бүттүк жүдөп (Шүкүрбеков).