Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БАНК – БУУнун адистештирилген мекемелеринин бири: Эларалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЭКӨБ), Эларалык каржы корпорациясы (ЭКК), Эларалык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА), Көп тараптуу инвестициялык кепилдиктер боюнча агенттиги (КТИК), Эларалык инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча борбор (ЭИЖСБ) кирет.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БҮТКҮЛ СОЮЗДУК V ТҮРКОЛОГИЯ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ — 1988-ж. 7—9-сентябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында түркология боюнча кезектеги өткөрүлгөн атайын илимий жыйын. Жыйынга мурдагы СССРдин аркыл шаарларынан 400гө жакын окумуштуулар катышып, анда түрк элдеринин тилдеринин, тарыхынын, этнографиясынын, адабияты менен элдик оозеки чыгармачылыгынын түрдүү маселелерине арналган илимий докладдар, билдирүүлөр, тыякак-ойлор айтылган. Конференциянын чегинде кыргыз элинин улуу эпосу «Манас» боюнча атайын симпозиум өткөрүлгөн, к. Симпозиум.