Киргизско-русский словарь Юдахина
соглашение, примиренне; решение (судебное);
бийдин бүтүмү менен ист. по решению бия (см. бий II);
бүтүм ал- уст. взять отступного, взять вознаграждение за примирение;
бүтүмдөн тогуздун бирин бий алган за решение бий брал одну девятую (присуждённой суммы);
сырт бүтүм ист. юр. заочное решение.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Сделка (Dealing) —Действие, направленное на установление, изменение или прекращение правоотношений юридических и физических лиц; переход финансового инструмента (денег, банковских документов, ценных бумаг) или прав собственности по нему от одного лица к другому.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БҮТҮМ – жарандын жана юридикалык жактын жарандык укук менен милдеттерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган аракети. Жарандык укук менен жарандык мыйзамдар институту Б-дүн бирнече түрүн бөлүп көрсөтөт. Баарыдан мурда, Б. эки же көп жана бир тараптуу болушу мүмкүн. Б. ошондой эле шарттуу (т. а. кийинкиге калтыруу же жокко чыгаруу шарттары алдында жасалган), бекер жана акы төлөнгөн, тил табышуучулук жана иш жүзүндөгү, каузалдык болушу мүмкүн. Б. оозеки же жазуу жүзүндө (жөнөкөй же нотариалдык) түзүлөт. Кээбир учурларда мыйзам Б-дүн мамлекеттик каттоодон өтүшүн талап кылат. Милдеттүү мыйзам талаптарына жооп бербеген Б. сот тарабынан ушундай деп таанылгандыктан (талаш бүтүм), болбосо мындай деп таанылбай туруп эле (жараксыз бүтүм), жараксыз болуп саналат. Жараксыз Б. ал жасалган маалдан тартып эле ушундай болуп саналып, анын жараксыздыгы менен байланышкандан башкасы, юридикалык кесепетин тарттырбайт. Ошону менен бирге, баардык тарап алган нерселеринин баардыгын кайтарып берүүгө милдеттүү (кара:Реституция).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. экон. Мүлктүк жана аны менен байланыштуу мүлктүк эмес жеке карым-катыштарды жөнгө салып туруучу жаран укуктарынын жана милдеттенмелеринин токтотулушун же өзгөрүшүн белгилөөгө багытталган жеке же юридикалык жактардын иш-аракеттери. Эки тараптын ортосундагы баалуулуктарды коммерциялык алмашуу. 2. Кеңешип чечкен чечим, макулдашкан жыйынтык, чыгарылган өкүм. Жүрөк сыздаганы менен айылдын карысынын бүтүмү бүтүм болду (Сыдыкбеков). Эки жактын эл билермандары баш кошуп, сүйлөшүп, бүтүм чыгарат (Элебаев). Сенин сыртыңдан бүтүм чыгарат (Байтемиров).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БҮТҮМ ВАЛЮТАСЫ – тышкы соода келишиминде товардын баасы белгиленүүчү же берилген эларалык кредиттин суммасы туюнтулуучу валюта. Эреже катары, Б. в. катары салыштырмалуу туруктуу валюталар колдонулат.