Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө корккондо же сүйүнгөндө денени майда калтырак баскандай кандайдыр жагымсыз сезим пайда болуу, денеси ысып кеткен сыяктанып сезилүү. Акийманын беттери албырып, көздөрү жайнап, бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, маңдайынан тер чыпылдай түштү (Жантөшев). Бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, көзүнө эчтеке көрүнбөй, атына камчы уруп, ылдам жүрүп кетти (Абдукаимов).