БҮТКӨН БОЮ ДҮР ДЕЙ ТҮШҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Капысынан, күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир жагымсыз нерсени көргөндө же жагымсыз начар кабарды укканда чочуп кетип денеси жыйрыла түшүү. Байкабай отуруп анын жүзүн көргөндө бүткөн боюм дүр дей түштү («Ала-Тоо»). Ошенткен сайын бүткөн боюм дүр дей түшүп жатты (Жоошбаев). Кубарган эки нерсе кардын үстүндө сойлоп бара жаткансыганда, анын жүрөгү болк этип, бүткөн бою дүр дей түштү (Жантөшев).