бүтө
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Туюктоо, тосуу, толтуруу; оңдоо, түзөтүү. Жамап-жазгап, кийим-кечегибизди бүтөп алгыча коё турат бекен? («Ала-Тоо»). Катуу согуш болду эми. Топурак учуп, чаң каптап, Адамдын көзүн бүтөдү («Манас»).
2. Бүтүрүү, басуу, тыюу. Жакшы жигит белгиси, Айылдан чыккан чатакты Жайлаштырып бүтөгөн (Осмонкул).
2. Бүтүрүү, басуу, тыюу. Жакшы жигит белгиси, Айылдан чыккан чатакты Жайлаштырып бүтөгөн (Осмонкул).