чык I 1. влага; 2. роса; чык түштү роса пала; 3. бульон (предназначенный для заливания мелко нарезанного варёного мяса); чык татырбас бай богач-скряга (букв. богач, который даже бульона не даст попробовать); 4. рассол из бульона (которым приправляют мясную пищу); 5. влага кожевенной закваски; кырк эчкинин териси ашаткыга жатыптыр, чыгы менен катыптыр фольк. шкуры сорока коз в закваске лежали и вместе с закваской засохли (получились плохие); оозунун чыгы кургабайт он то и дело ест (напр. о ребёнке); чыгына кол сал- 1) присутствовать на чьих-л. первых поминках (сразу после похорон); 2) доконать кого-либо; анын чыгына кол салабыз го! мы ему вот покажем!; мы его доконаем!; чырпыктын чыгын сыга кармаган он обладал огромной физической силой (букв. так хватал хворостину, что из неё сок выжимал). чык II звукоподражание тиканью, щёлканью, писку; чык-чыкэт- тикать; щёлкать; сааттын чык-чык урганы тиканье часов; саат чык-чык часы тик-тик; счёттун ташын чык-чык таштатып щёлкая костяшками счётов; Чегиртке стаканын Чаргындын стаканына, чык эткизип, уруп коюп Чегиртке (чокаясь) своим стаканом звякяул о стакан Чаргына; чык эткенден чычкан жок, чыкылдаган чымчык жок фольк. (такая безжизненная пустыня, что) нет мыши, которая бы пискнула, нет пташки, которая бы чирикнула; чыйпылдап, чык-чык этсе түркүн чымчык, чыдабай чар-чур этет алгыр куш да стих. когда запищат и зачирикают пташки, то и хваткий ястреб возбуждённо закричит; чык этме тээк см.тээк 2. чык III чык этип суу чыккан жок не показалось ни капли воды; чык этип коёр суусу жок, ээн талаа, күйгөн кум фольк. нет там ни капельки воды, безжизненная пустыня, горячий песок; ирмеп алар чөбү жок, чык этерге суусу жок фольк. нет там травы, чтобы щипнуть, нет там воды, чтобы глотнуть. чык- IV (глагол, выражающий движение наружу или вверх) 1. выходить, выступать, выдвигаться; всходить, восходить; раздаваться (о звуке); үйдөн чыкты он вышел из дома; жыгачка чык- взбираться на дерево; тоого чык- выйти или выехать в горы; взойти или въехать на гору; жарыш сөзгө чык- выступать в прениях; жооп кайтарган сөз менен чыгып сүйлөдү он выступил с ответной речью; каршы чык- прям. , перен. выступить против; чык! вон!, пошёл! (окрик на собаку); итиңди "чык" де отгони свою собаку; эмне үчүн "чык" дейт бизди, "чык" деп, итти айтат почему он нам говорит "пошёл!", собаке говорят "пошёл!"; ит жакшысын "чык" дебейт погов. на хорошую собаку не кричат "пошёл!"; күн чыкты солнце взошло; ай чыкты появилась луна; взошла луна; жолдон чык- 1) сойти с пути, сбиться с пути; жолдон чыксаң да, көптөн чыкпа погов. если даже с пути собьёшься, от коллектива (букв. от масс) не отбивайся; 2) перен. сбиться с пути, совратиться; чыр эткен аялдын үнү чыкты раздался пронзительный женский голос; чыга калыш или чыга бериш выход, выезд; көпүрөдөн чыга калыштагы находящийся при выходе, выезде с моста; аты чыгып келди его лошадь (на скачках) пришла первой; аты чыкпай калгандар те, чьи кони (на скачках) отстали (не получили приза); чыкпай калса тулпарым, ажалдан мурун өлөм деп фольк. если не опередит мой скакун, я прежде смерти умру; айтыштан чыккан чечен краснослов, победивший в словопрениях; ат багууга калганда анын алдына чыгарыбыз жок по уходу за лошадьми у нас нет никого, кто бы его превзошёл; 2. достигнуть какого-л. возраста; мен элүү жашка чыктым мне исполнилось пятьдесят лет; эчеге чыктың? или эче жашка чыктың? тебе сколько лет? он бешке чыгар-чыкпас жашында когда ему было около пятнадцати лет; жашы быйыл отуз бирге чыкты ему в этом году исполняется тридцать один год; он төрт менен он бешке чыгар-чыкпас жашы бар фольк. ему что-то около четырнадцати-пятнадцати лет; 3. оказаться, проявиться, выявиться, обнаружиться; элдин алдында шермендем чыгар я окажусь посрамлённым перед народом; 4. развестись (с мужем); чыга турган катындай болуп как жена, которая решила развестись (смотрит на хозяйство спустя рукава); 5. приняться (о прививке, напр. оспы); чечектин эми чыкты оспа принялась; алма жакшы өсүп чыкты яблоня хорошо принялась; 6. обгуляться; уй букадан чыкты корова обгулялась; эчки текеден чыкты коза обгулялась; кой кочкордон чыкты овца обгулялась; 7. в форме причастия чыгар выражает вероятность, предположение; мага да кат бар чыгар вероятно, и мне есть письмо; келген чыгар нужно полагать, он прибыл; 8. в сочет. с деепричастиепрош. вр. глагола кел- сбыться; айтканы келип чыкты вышло так, как он сказал; ойлогону келип чыкты задуманное им сбылось; 9. в сочет. с деепричастиепрош. вр. другого глагола означает законченность действия полностью или в какой-то части; суу кайнап чыкты вода закипела; кулагына чейин кызарып чыкты он покраснел до ушей; текшерип чык- обследовать, проверить; окуп чык- прочитать (от начала до конца или какое-л. определённое количество); карап чык- просмотреть (от начала до конца); ал күнкү иштеле турган иштин багытын аныктап чыгат он уточняет направление работы, которая должна быть выполнена за день; кайдан чыкса, андан чыксын! куда ни шло!; кайдан чыккан или кайдан чыга калган? откуда он взялся? сен кайдан чыккан калыссың? а ты ещё что за арбитр? подумаешь, какой арбитр нашёлся!; кайдан чыга калган неме экен? а этот ещё откуда взялся? кебинен чыкпайт он его не ослушается; айтканынан чыкпайт он его во всём слушается; орундан чык- оправдаться (сбыться); душмандардын ойлогон ою ордунан чыккан жок замыслы врагов не осуществились; биз дагы бир тилегиңизге чыгарбыз мы тоже вам когда-нибудь пригодимся; чай чыктыбы? чай заварился? арак башка чыкты водка ударила в голову; арабадан чыккан ат лошадь, напуганная телегой (когда её пытались объезжать); арабадан чыккан аттай (о человеке) вконец запуганный; тот, у кого совершенно отбита охота к чему-л.; чыга кел- вдруг случиться; неожиданно, сразу же появиться; күтүлбөгөн жерден чыга келген бир окуя неожиданное происшествие; Талды-Суудан чыга келгеним эле ушул сейчас я прибыл прямо из Талды-Суу; моюндарында акчадан 290 сом жүргөндүгү чыга келет выявляется, что за ними числится 290 рублей; көркүнө чык- украшаться; становиться красивым, хорошеть; көркүнө чыккан талаа приукрасившаяся степь; Фрунзе көркүнө чыгып, улам жаңы үйлөр менен кооздолуп бара жатат (город) Фрунзе хорошеет, с каждым годом всё больше украшается новыми домами; аты чыкты он получил известность; он прославился; атың чыкпаса, жер өрттө погов. если ты (делами) не прославился, подожги землю (о тебе заговорят); көзүңдөн чыккыр! или көзүңдөн чыксын! ух ты, неблагодарный!; чай иче берип, тердеп чыктым я (так) пил чай, (что) вспотел; болуп чык- оказаться кем-чем-л.; ал ууру болуп чыкты он оказался вором; каалга жабык болуп чыкты дверь оказалась закрытой; күчтүү болуп чыкты он оказался сильным; бир кой жегенден чыккан жок одной овцы хватило, чтобы только раз поесть (сели и сразу съели); алып келген акча бир күндөн чыккан жок принесённых денег хватило только на один день; мен бир жегенден чыкпайм (из сказки) меня хватит только на один раз поесть (говорит коза волку); кыштан чык- благополучно перезимовать (гл. обл. о скоте); кыштан чыкпай калды (о скоте) зимой не выдержал; за зиму погиб; кире чык- зайти, заглянуть на минутку; айткан жерден чык- см.айт- III 1; эмчектен чык- см.эмчек 1; чындыкка чык- см.чындык.
Iзат.1. Ным. Кардын чыгы кетер менен жерди айдоо башталат (Байтемиров). Жаздын чыгы менен огородуңду күрөктөп айдап ал (Байтемиров).
2. Этти малып жеш үчүн арналган же туураган этке куюу үчүн мурч, пияз салып атайын даярдалган сорпо. Айдай эң мурун куйрук менен боорду чыгарып, кыя кести да, туздуу чык аралаштырып, меймандардын алдына койду (Каимов). Каныйпа болсо, сатин көйнөгүнүн узун жеңи менен улам бир сүртүп, чыкка пияз тууроо менен алек (Абдумомунов).
чыкII:чык-чыктуур. Кичирээк көлөмдөгү куралдардын же катуу нерселердин башка бир металлга же катуу нерселерге жеңил урунушунан чыккан кыска дабышты же маятниктин согуусунан чыккан сыяктуу дабышты билдирүү үчүн колдонулат. Үй тынч. Жарык өчкөн. Саат чык-чык. Терезе бир тарапка кыңыр ачык (Абдыраманов). [Жумагүлдү] фотограф чык эттирип тартып ала койду (Шимеев).
IIIэтиш.1. Үйдөн, белгилүү бир жерден, шаардан ж. б. сыртты көздөй же башка бир жакты карай жөнөө, багыт алуу, жол тартуу, аттануу. [Аскар] китебин жаап, дептерлерин жыйнап койду да, сыртка чыкты (Сыдыкбеков). Каныбек күн батканда айылдан чыкты (Жантөшев).
2. Кандайдыр бир нерсенин үстүнө же бийиктикке көтөрүлүү, бөлүнүп көтөрүлүү. Командир экөөбүз чокунун так найзадай төбөсүнө чыктык (Жантөшев). Күн чыкты. Ай чыкты. Трибунага чыкты. Чыгып сүйлөдү. 3. Үн, добуш ж. б. пайда болуу, угулуу. Кубулжуп миң сан күү чыгат Курдаштарың ырдашып (Бөкөнбаев). Күлкү аралаш тамаша сөздөр чыгат (Сыдыкбеков).
4. Жарышта же мелдеште башкалардан озуп кетүү. Аттары күлүк, жигити эр, Жарышса чыккан мелдештен (Осмонкул).
5. Кез келүү, кездешүү, кездеше түшүү, жолугуу, көрүнүү. Айнегим чыкса алдымдан, Өбөр бекем дегемин (Токтогул). Алдынан чыкса калың жоо, Арстандай чапчып ыргыткан (Бөкөнбаев).
6. Китеп, газета, чыгарма ж. б. жарык көрүү; кандайдыр бир продукция өндүрүлүү.
7. Өсүү, өнүү, көрүнүү, пайда болуу. Бутагы көк, бири сынса, бири чыгат, Былк этпей, качан көрсөң чынар турат (Үмөталиев). Жердин кыртышы небак тоборсуп, көк жабырап чыга баштаган (Сыдыкбеков).
8. Аянттын, кеңдиктин ж. б. кандайдыр бир жагына, бир четине жетүү, жетип калуу. Сабырлар бул кезде аянттын башына чыгып калышкан (Сыдыкбеков).
Белгилүү бир убакыттан, мезгилден өтүү. Кыштан арык чыккан малдар күнгө капталын кактап магдырады (Убукеев). 9. Белгилүү бир жашка келүү, белгилуү бир жашка же өлчөмгө, ченге жетүү, толуу (жашты, ченемди көрсөткөн сөздөр менен бирге айтылганда). [Акман] быйыл элүүгө жаңы чыгамын деп жүргөн кезеги (Сыдыкбеков). Мөмөлөр гүлдөп, чөп тушарга чыккан кез (Бөкөнбаев). Терген пахтасы 100 килограмм чыкты. 10. Келүү, пайда болуу (мезгилге карата). Жаз чыкканда кетиш керек (Байтемиров).
11. Пайда болуу, көрүнүү, табылуу. Асыл таштан чыгат, акыл баштан чыгат (макал).
12. Бөлүнүү, башкалардан бөлүнүү, окчундоо, четтөө, белгилүү бир изден, калыптан оолактоо. Чырт этип четке чыга берет (Сыдыкбеков). Кара кашка жолдон чыга берди («Жаш ленинчи»). Күлкү аралаш тамаша сөздөр чыгат (Жантөшев).Болуу, кандайдыр бир окуя башталуу, болуп калуу. Согуш чыкты. Чыр чыкты. 13. Бошоп калуу. Кызматтан чыгып калган. Институттан чыгып калган. Билинүү, белгилүү болуу, байкалып калуу. Карамырза, сөзүңдүн Калтысы чыкты байкалып (Токтогул). Атагы чыккан Зууракан, Азыркы элдин чүрөгү (Осмонкул).
14. Табылуу, казылып алынуу. Кен чыкты. Таш көмүр чыгат. 15. Көбүнчө иштин, кыймыл-аракеттин аякталгандыгын, бүтүшүн, болгондугунун натыйжасын көрсөтүүчү көмөкчү этиш катарында колдонулат. Мал көчүрүү маселеси партиялык чогулуштарда иштелип чыкты (Убукеев). Айымкан кызына карап: — Зарылжан, бол, дан алып чыга койчу! — деди (Сыдыкбеков). Байбиче.. сандыгыңдан бир жамбы алып чыкчы (Турусбеков).
16. Толуу, жетилүү. Толкуп жаткан Ысык-Көл, Көркүнө чыккан турбайбы (Турусбеков). Өңүнө чыгып шаңкайып, Эпкиндүү жеңем келаткан (Турусбеков).
17. Кууттан өтүү. Уй букадан чыкты. Кой кочкордон чыкты. Эчки текеден чыкты. «Кет жогол» деген мааниде колдонулат (көбүнчө итке карата) «Чык» деди үргөн итке чоочун дабыш (Аалы). Ит арс эткенде үйдөн Надя чуркап чыгып: — Чык! Сен ким.. деди (Жантөшев).
♦Каршычыгуу — каршы болуу, каршы туруу. Каршы чыгып Токоңо, Кузгундар салган жүгөнүн (Токтогул). Чыгар-чыкпас — жетер-жетпес, толор-толбос. Эркиндин алдында эки чейрекке чыгар-чыкпас буудай төгүлүп жатат (Жантөшев). Кирди-чыкты — анчалык ашып кетпеген, орточо, анча-мынча. Кирди-чыкты эси бар, Кичи пейил уул экен («Эр Табылды»), Колунанчыгуу — бирөө тарабынан иштелип чыгуу, кимдир бирөр тарабынан иштелип бүтүү. Аскардын колунан чыккан иш сапаттуу да, тез да [болот] (Сыдыкбеков). Элденчыгуу—элден бөлүнүп калуу, четтеп калуу. Сөзүңөр өтпөй эч кимге, элден чыгып калбаңар (Жантөшев). Жүрөгүчыгуужеэсичыгуу — коркуу, коркуп кетүү, чочуп кетүү. Элден качып элирип, Эси чыккан мындан көп («Семетей»). Эстенчыгуу — унутуу, унутуп калуу, ойдон чыгып калуу. Шаардын көрүнүшү сонун экен, Сакталып кала берет чыкпай эстен (Нуркамал). Тиличыгуу— 1) жаңыдан сүйлөй баштоо (көбүнчө жаш балдарга карата); 2) тилдүү боло баштоо. Мына эми, бөбөгүмдүн тили чыгып, Мээримдүү ширин сөзүн айтканындай (Маликов). Күйөөгөчыгуужетурмушкачыгуу — турмуш куруу, бирөө менен баш кошуу. Тилекке жетсек, ушул кезде турмушка чыксам деген үмүтүм бар эле (Байтемиров). Эрденчыгуужекүйөөдөнчыгуу — күйөөсү менен ажырашуу, күйөөсүнөн ажырашып кетүү. [Чаргындын] алган келинчеги үч эрден чыккан Айша деген болучу (Сыдыкбеков). ЧЫЙпыйычыгуук.чый.
Байыркы түрк тилиндеги таш (азыркы кыргызча тыш) деген зат атоочко этиш жасоочу -ык мүчөсү жалганып, ташык сөзү жаралган (ДТС, 540). Бирок анын башкы т тыбышы ч тыбышына өтүп, аш деген тыбыштары түшүп, чык сөзү келип чыккан (ДТС, 150). Алгачкы ташык сөзү «тышкарылан, тышка чык» дегенге барабар маани берген. Азыркы кыргыз тилинде чык этишинин 20 дан ашык мааниси бар. Анын баары ошол алгачкы маанисинен өнүккөн.
1. локоть; чыканак сөөгү локтевая кость; чыканак жерге салайын, чырым уйку алайын фольк. облокочусь я на землю и немного вздремну; чыканак жерге салбастан, чырм этип уйку албастан фольк. на землю не облокачиваясь, и ничуть не подремав; чыканак таянып опершись на локоть; чыканактай (о человеке) маленький, маленького роста (букв. с локоть); 2. южн. изгиб, колено (напр. трубы).
зат.1. Кар жилик менен күң жиликтин кошулган жериндеги, колду ичин көздөй ийгенде уруюуп чыгып турган жери. Бурма Токтогулду чыканагы менен нукуп.. эрдин тиштеп койду (Аалы). Кыздар бири-бирин чыканакка түрткүлөшүп, шыңгыр күлүп жиберишти (Бейшеналиев).
2. Кернейдин бурч болуп ийилген, кошулган жери.
1. Кар жилик менен күң жиликтин кошулган жериндеги, колду ичин көздөй ийгенде уруюп чыгып турган жери. Бурма Токтогулду чыканагы менен нукуп... эрдин тиштеп койду (Токомбаев). Кыздар бири-бирин чыканакка түрткүлөшүп, шыңгыр күлүп жиберишти (Бейшеналиев). 2. Кернейдин бурч болуп ийилген, кошулган жери.
этиш. Чыканагы менен таянуу же чыканакты кандайдыр бир нерсенин үстүнө коюу. Күлжан столду чыканактап отурат (Байтемиров). Жапар төрдө чыканактап, газета окуп жатып, үргүлөй баштаганда,.. ата-энесинин табышын укту (Баялинов).
Чыканагы менен таянуу же чыканакты кандайдыр бир нерсенин үстүнө коюу. Күлжан столду чыканактап отурат (Байтемиров). Жапар төрдө чыканактап, газета окуп жатып, үргүлөй баштаганда,.. ата-энесинин дабышын укту (Баялинов).
1. Ным. Кардын чыгы кетер менен жерди айдоо башталат (Байтемиров). Жаздын чыгы менен огородуңду күрөктөп айдап ал (Байтемиров). 2. Туураган этке куюу үчүн мурч, пияз салып атайын даярдалган сорподон калпып алынган май. Айдай эң мурун куйрук менен боорду чыгарып, кыя кести да, туздуу чык аралаштырып, меймандардын алдына койду (Каимов). Каныйпа болсо, сатин көйнөгүнүн узун жеңи менен улам бир сүртүп, чыкка пияз тууроо менен алек (Абдумомунов).
1. Үйдөн, белгилүү бир жерден, шаардан ж. б. сыртты көздөй же башка бир жакты карай жөнөө, багыт алуу, жол тартуу, аттануу. Аскар китебин жаап, дептерлерин жыйнап койду да, сыртка чыкты (Сыдыкбеков). Каныбек күн батканда айылдан чыкты (Жантөшев). 2. Кандайдыр бир нерсенин үстүнө же бийиктикке көтөрүлүү, бөлүнүп көтөрүлүү. Командир экөөбүз чокунун так найзадай төбөсүнө чыктык (Жантөшев). Күн чыкты. Ай чыкты. Трибунага чыкты. Чыгып сүйлөдү. 3. Үн, добуш ж. б. пайда болуу, угулуу. Кубулжуп миң сан күү чыгат Курдаштарың ырдашып (Бөкөнбаев). Күлкү аралаш тамаша сөздөр чыгат (Сыдыкбеков). 4. Жарышта же мелдеште башкалардан озуп кетүү. Аттары күлүк, жигити эр, Жарышса чыккан мелдештен (Осмонкул). 5. Кез келүү, кездешүү, кездеше түшүү, жолугуу, көрүнүү. Айнегим чыкса алдымдан, Өбөр бекем дегемин (Токтогул). Алдынан чыкса калың жоо, Арстандай чапчып ыргыткан (Бөкөнбаев). 6. Китеп, газета, чыгарма ж. б. жарык көрүү; кандайдыр бир өндүрүмдүн пайда болуусу. 7. Өсүү, өнүү, көрүнүү, пайда болуу. Бутагы көк, бири сынса, бири чыгат, Былк этпей, качан көрсөң чынар турат (Үмөталиев). Жердин кыртышы небак тоборсуп, көк жабырап чыга баштаган (Сыдыкбеков). 8. Аянттын, кеңдиктин ж. б. кандайдыр бир жагына, бир четине жетүү, жетип калуу. Сабырлар бул кезде аянттын башына чыгып калышкан (Сыдыкбеков). 9. Белгилүү бир убакыттан, мезгилден өтүү. Кыштан арык чыккан малдар күнгө капталын кактап магдырады (Убукеев). 10. Белгилүү бир жашка келүү, белгилүү бир жашка же өлчөмгө, ченге жетүү, толуу (жашты, ченемди көрсөткөн сөздөр менен бирге айтылганда). Акман быйыл элүүгө жаңы чыгамын деп жүргөн кезеги (Сыдыкбеков). Мөмөлөр гүлдөп, чөп тушарга чыккан кез (Бөкөнбаев). Терген пахтасы 100 килограмм чыкты 11. Келүү, пайда болуу (мезгилге карата). Жаз чыкканда кетиш керек (Байтемиров). 12. Пайда болуу, көрүнүү, табылуу. Асыл таштан чыгат, акыл баштан чыгат (макал). 13. Бөлүнүү, башкалардан бөлүнүп, окчундоо, четтөө, белгилүү бир изден, калыптан оолактоо. Чырт этип четке чыга берет (Сыдыкбеков). Кара кашка жолдон чыга берди. Күлкү аралаш тамаша сөздөр чыгат (Жантөшев). 14. Болуу, кандайдыр бир окуя башталуу, болуп калуу. Согуш чыкты. Чыр чыкты. 15. Бошоп калуу. Кызматтан чыгып калган. Институттан чыгып калган. 16. Билинүү, белгилүү болуу, байкалып калуу. Карамырза, сөзүңдүн, Калпы чыкты байкалып (Токтогул). Атагы чыккан Зууракан, Азыркы элдин чүрөгү (Осмонкул). 17. Табылуу, казылып алынуу. Кен чыкты. Таш көмүр чыгат. 18. Көбүнчө иштин, кыймыл-аракеттин аякталгандыгын, бүтүшүн, болгондугунун натыйжасын көрсөтүүчү көмөкчү этиш катарында колдонулат. Мал көчүрүү маселеси партиялык чогулуштарда иштелип чыкты (Убукеев). Айымкан кызына карап: – Зарылжан, бол, дан алып чыга койчу! – деди (Сыдыкбеков). Байбиче, сандыгыңдан бир жамбы алып чыкчы (Турусбеков). 19. Толуу, жетилүү. Толкуп жаткан Ысык-Көл Көркүнө чыккан турбайбы (Турусбеков). Өңүнө чыгып шаңкайып, Эпкиндүү жеңем келаткан (Турусбеков). 20. Кууттан өтүү. Уй букадан чыкты. Кой кочкордон чыкты. Эчки текеден чыкты. 21. «Кет, жогол» деген мааниде колдонулат (көбүнчө итке карата) «Чык» деди үргөн итке чоочун дабыш (Токомбаев). Ит арс эткенде үйдөн Надя чуркап чыгып: – Чык... Сен ким, деди (Жантөшев).
Металлга же катуу нерселерге жеңил урунушунан чыккан кыска дабышты же сааттын жебесинин согуусунан чыккан дабышты билдирүү үчүн колдонулат. Үй тынч. Жарык өчкөн. Саат чык-чык. Терезе бир тарапка кыңыр ачык (Абдыраманов). Жумагүлдү фотограф чык эттирип тартып ала койду (Шимеев).
Страна происхождения (Home Country) —Страна, в которой товар был полностью произведен или "претерпел существенные преобразования" в случаях когда производство имеет место в двух или более странах.
зат. Элдин, өз тарабынын кызыкчылыгын сатуучу, өз тарабынан бөлүнүп, душман, кас тарапка өтүп кетүүчү же жашырын сырды, ишти душманга билдирип айтып коюучу киши.
Элдин, өз тарабынын кызыкчылыгын сатуучу, өз тарабынан бөлүнүп, душман, кас тарапка өтүп кетүүчү же жашырын сырды, ишти душманга билдирип айтып коюучу киши.
не выходящий, совершенно не выходящий; эми үйдөн чыккыс болду он теперь совершенно не выходит из дому; көңүлдөн чыккыс или эстен чыккыс незабываемый; көңүлдөн чыккыс ой неотвязная мысль.
~: кыялап чыкма жол дорога, идущая вверх по косогору; асый чыкма (о крупном скоте) в возрасте между бышты (см.) и асый (см.); в возрасте, приближающемся к пятому году; кунан чыкма (о крупном скоте) в возрасте между тай (см.тай II 1) и кунан (см.); в возрасте, приближающемся к третьему году.
чыкта I 1. петля в нижней части недоуздка жеребёнка, на которой держится тээк (см.тээк 1); 2. короткая верёвка, служащая для привязывания жеребят к желе (см.желе 1); 3. то же, что чыгдан 1, 2. чыкта- II увлажнять, смачивать; чыктаган эт сев. мелко нарезанное варёное мясо, политое крепким бульоном; кор болуп жүргөн абамды, майга бөлөп, чыктаймын фольк. (ныне) испытывающему унижение дяде (см.аба I) я в изобилии предоставлю жир и бульон (т.е. он будет жить в полном довольстве); найзасын канга чыктады фольк. своё копьё он смочил кровью (врага).
Iзат. Көбүнчө кулундарды желеге байлоодо нокто менен желени бириктирүүчү, нокто жагындагы учу тээкке илинген кичирээк кыска жип. Чыкта сулуу болсун деп, Чын жибектен эштирди («Манас»).
ЧЫКТАIIэтиш. Чык куюу, чык кошуу, чык аралаштыруу, нымдоо.
Көбүнчө кулундарды желеге байлоодо нокто менен желени бириктирүүчү, нокто жагындагы учу тээкке илинген кичирээк кыска жип. Чыкта сулуу болсун деп, Чын жибектен эштирди («Манас»).
чыкчый I то же, чточыкый I. чыкчый- II быть франтоватым, изящным; бир жагында чыкчыйып күлүмсүрөп Саадат турат с одной стороны, приняв позу и улыбаясь, стоит Саадат.
Өзүн бирөөлөргө караганда жогору саноо, бой көтөрүү, тыңсынуу, чыкчыюу. Ира чыкчырылып тилдөөгө ниеттенгени менен балдардын талоонуна каларын байкады (Бейшеналиев).
парное кбыкы; ал эптеп-септеп тамсил жазат, кайдагы быкы-чыкыны жазат он кое-как пишет басни, о всякой дряни он пишет; быкы-чыкы сөздөр всякие бранные слова.
чыкый I место соединения затылочной и височной костей; сол жаккы чыкыйга бирөө коюп калды его кто-то стукнул в левую сторону затылка; Өмүр Каныбекти чыкыйга укуп койду Омюр ткнул Каныбека (большим пальцем) в заушную впадину; чыкыйына жеткендей ооруйт причиняет (ему) нестерпимую боль. чыкый II парное кбыкый. чыкый- III то же, чточыкчый- II; ээрди токупчыкыйып минип алдым оседлав (коня), я молодцевато сел.
Моңгол тилинде чик(ен) сөзү кыргызча «кулакты» билдирет. Мына ушул сөз кыргыз тилине кабыл алынып, «кулак түп, кулактын сөөгү» деген маани берип калган. Ошондуктан чыкый түпкө кой деген тизмек менен кулак түпкө кой тизмеги бирдей маани берет. Моңголчо к тыбышы кыргыз тилинде й тыбышына алмашкан.
этиш.1. Чык-чык эткен дабыш чыгаруу (көбүнчө металлдардан чыккан дабышка карата). Бир жагынан кол машина чыкылдап,.. иш кызууда (Сасыкбаев). Чыкылдаган секунддун Жеңиштүү улам ар жагы (Аалы).
2. өт. Өтө катуу суук болуп, күчүнө келип туруу. Чыкылдаган кышкы аяз бетиколду тоңдурат («Ала-Тоо»). Аяз күүсүн чалат, чыкыроон чыкылдайт (Каимов).
1. стучать, щёлкать, стрекотать (напр. о часах, телеграфном аппарате); саат чыкылдап турат часы тикают; саат чыкылдап жылып, күндөр өтүп жатты часы тикали, (стрелки) двигались, а дни проходили; 2. (о морозе) трещать; чыкылдаган ызгаар трескучий мороз.
1. Чык-чык эткен дабыш чыгаруу (көбүнчө металлдардан чыккан дабышка карата). Бир жагынан кол машина чыкылдап,.. иш кызууда (Сасыкбаев). Чыкылдаган секунддун Жеңиштүү улам ар жагы (Токомбаев). Дубалга илинген сааттын жебеси чыкылдап тынбайт (Стамов). 2. өт. Өтө катуу суук болуп, күчүнө келип туруу. Чыкылдаган кышкы аяз бети-колду тоңдурат («Ала-Тоо»). Аяз күүсүн чалат, чыкыроон чыкылдайт (Каимов).
сильный, трескучий мороз; чыкыроон тарт- чувствовать холод, мёрзнуть; күн чыкыроон тар тып турат погода становится очень холодной; мороз крепчает (зимой в ясную погоду); аба айнып, күн чыкыроон тартты погода изменилась, начало морозить.
зат. Бети-башты тызылдаткан, денени ичиркенткен, карандай катуу суук. Муздак жел зыпылдап, уламданулам чыкыроон күчөйт (Жантөшев). Үч тестиер бала чыкыроон кыштын түшү кыңкайган ченде кычыраган чыйыр жол менен.. келатышты (Бейшеналиев).
Бети-башты тызылдаткан, денени ичиркенткен, карандай катуу суук. Муздак жел зыпылдап, уламдан-улам чыкыроон күчөйт (Жантөшев). Үч тестиер бала чыкыроон кыштын түшү кыңкайган ченде кычыраган чыйыр жол менен келатышты (Бейшеналиев).
Click and Type pointer shape (noun)
A visual cue to indicate which formatting will be applied when you double-click: a left-aligned, centered, or right-aligned tab stop; a left indent; or left or right text wrapping.