Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чык-чык эткен дабыш чыгаруу (көбүнчө металлдардан чыккан дабышка карата). Бир жагынан кол машина чыкылдап,.. иш кызууда (Сасыкбаев). Чыкылдаган секунддун Жеңиштүү улам ар жагы (Токомбаев). Дубалга илинген сааттын жебеси чыкылдап тынбайт (Стамов). 2. өт. Өтө катуу суук болуп, күчүнө келип туруу. Чыкылдаган кышкы аяз бети-колду тоңдурат («Ала-Тоо»). Аяз күүсүн чалат, чыкыроон чыкылдайт (Каимов).