Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилиндеги таш (азыркы кыргызча тыш) деген зат атоочко этиш жасоочу -ык мүчөсү жалганып, ташык сөзү жаралган (ДТС, 540). Бирок анын башкы т тыбышы ч тыбышына өтүп, аш деген тыбыштары түшүп, чык сөзү келип чыккан (ДТС, 150). Алгачкы ташык сөзү «тышкарылан, тышка чык» дегенге барабар маани берген. Азыркы кыргыз тилинде чык этишинин 20 дан ашык мааниси бар. Анын баары ошол алгачкы маанисинен өнүккөн.