Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ным. Кардын чыгы кетер менен жерди айдоо башталат (Байтемиров). Жаздын чыгы менен огородуңду күрөктөп айдап ал (Байтемиров). 2. Туураган этке куюу үчүн мурч, пияз салып атайын даярдалган сорподон калпып алынган май. Айдай эң мурун куйрук менен боорду чыгарып, кыя кести да, туздуу чык аралаштырып, меймандардын алдына койду (Каимов). Каныйпа болсо, сатин көйнөгүнүн узун жеңи менен улам бир сүртүп, чыкка пияз тууроо менен алек (Абдумомунов).