ЧЫКЫЙ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаМоңгол тилинде чик(ен) сөзү кыргызча «кулакты» билдирет. Мына ушул сөз кыргыз тилине кабыл алынып, «кулак түп, кулактын сөөгү» деген маани берип калган. Ошондуктан чыкый түпкө кой деген тизмек менен кулак түпкө кой тизмеги бирдей маани берет. Моңголчо к тыбышы кыргыз тилинде й тыбышына алмашкан.