Толковый словарь кыргызского языка (1969)
III этиш. 1. Үйдөн, белгилүү бир жерден, шаардан ж. б. сыртты көздөй же башка бир жакты карай жөнөө, багыт алуу, жол тартуу, аттануу. [Аскар] китебин жаап, дептерлерин жыйнап койду да, сыртка чыкты (Сыдыкбеков). Каныбек күн батканда айылдан чыкты (Жантөшев).
2. Кандайдыр бир нерсенин үстүнө же бийиктикке көтөрүлүү, бөлүнүп көтөрүлүү. Командир экөөбүз чокунун так найзадай төбөсүнө чыктык (Жантөшев). Күн чыкты. Ай чыкты. Трибунага чыкты. Чыгып сүйлөдү.
3. Үн, добуш ж. б. пайда болуу, угулуу. Кубулжуп миң сан күү чыгат Курдаштарың ырдашып (Бөкөнбаев). Күлкү аралаш тамаша сөздөр чыгат (Сыдыкбеков).
4. Жарышта же мелдеште башкалардан озуп кетүү. Аттары күлүк, жигити эр, Жарышса чыккан мелдештен (Осмонкул).
5. Кез келүү, кездешүү, кездеше түшүү, жолугуу, көрүнүү. Айнегим чыкса алдымдан, Өбөр бекем дегемин (Токтогул). Алдынан чыкса калың жоо, Арстандай чапчып ыргыткан (Бөкөнбаев).
6. Китеп, газета, чыгарма ж. б. жарык көрүү; кандайдыр бир продукция өндүрүлүү.
7. Өсүү, өнүү, көрүнүү, пайда болуу. Бутагы көк, бири сынса, бири чыгат, Былк этпей, качан көрсөң чынар турат (Үмөталиев). Жердин кыртышы небак тоборсуп, көк жабырап чыга баштаган (Сыдыкбеков).
8. Аянттын, кеңдиктин ж. б. кандайдыр бир жагына, бир четине жетүү, жетип калуу. Сабырлар бул кезде аянттын башына чыгып калышкан (Сыдыкбеков).
Белгилүү бир убакыттан, мезгилден өтүү. Кыштан арык чыккан малдар күнгө капталын кактап магдырады (Убукеев).
9. Белгилүү бир жашка келүү, белгилуү бир жашка же өлчөмгө, ченге жетүү, толуу (жашты, ченемди көрсөткөн сөздөр менен бирге айтылганда). [Акман] быйыл элүүгө жаңы чыгамын деп жүргөн кезеги (Сыдыкбеков). Мөмөлөр гүлдөп, чөп тушарга чыккан кез (Бөкөнбаев). Терген пахтасы 100 килограмм чыкты.
10. Келүү, пайда болуу (мезгилге карата). Жаз чыкканда кетиш керек (Байтемиров).
11. Пайда болуу, көрүнүү, табылуу. Асыл таштан чыгат, акыл баштан чыгат (макал).
12. Бөлүнүү, башкалардан бөлүнүү, окчундоо, четтөө, белгилүү бир изден, калыптан оолактоо. Чырт этип четке чыга берет (Сыдыкбеков). Кара кашка жолдон чыга берди («Жаш ленинчи»). Күлкү аралаш тамаша сөздөр чыгат (Жантөшев).Болуу, кандайдыр бир окуя башталуу, болуп калуу. Согуш чыкты. Чыр чыкты.
13. Бошоп калуу. Кызматтан чыгып калган. Институттан чыгып калган.
Билинүү, белгилүү болуу, байкалып калуу. Карамырза, сөзүңдүн Калтысы чыкты байкалып (Токтогул). Атагы чыккан Зууракан, Азыркы элдин чүрөгү (Осмонкул).
14. Табылуу, казылып алынуу. Кен чыкты. Таш көмүр чыгат.
15. Көбүнчө иштин, кыймыл-аракеттин аякталгандыгын, бүтүшүн, болгондугунун натыйжасын көрсөтүүчү көмөкчү этиш катарында колдонулат. Мал көчүрүү маселеси партиялык чогулуштарда иштелип чыкты (Убукеев). Айымкан кызына карап:Зарылжан, бол, дан алып чыга койчу!деди (Сыдыкбеков). Байбиче.. сандыгыңдан бир жамбы алып чыкчы (Турусбеков).
16. Толуу, жетилүү. Толкуп жаткан Ысык-Көл, Көркүнө чыккан турбайбы (Турусбеков). Өңүнө чыгып шаңкайып, Эпкиндүү жеңем келаткан (Турусбеков).
17. Кууттан өтүү. Уй букадан чыкты. Кой кочкордон чыкты. Эчки текеден чыкты.
«Кет жогол» деген мааниде колдонулат (көбүнчө итке карата) «Чык» деди үргөн итке чоочун дабыш (Аалы). Ит арс эткенде үйдөн Надя чуркап чыгып:Чык! Сен ким.. деди (Жантөшев).
Каршы чыгуу — каршы болуу, каршы туруу. Каршы чыгып Токоңо, Кузгундар салган жүгөнүн (Токтогул). Чыгар-чыкпас — жетер-жетпес, толор-толбос. Эркиндин алдында эки чейрекке чыгар-чыкпас буудай төгүлүп жатат (Жантөшев). Кирди-чыкты — анчалык ашып кетпеген, орточо, анча-мынча. Кирди-чыкты эси бар, Кичи пейил уул экен («Эр Табылды»), Колунан чыгуу — бирөө тарабынан иштелип чыгуу, кимдир бирөр тарабынан иштелип бүтүү. Аскардын колунан чыккан иш сапаттуу да, тез да [болот] (Сыдыкбеков). Элден чыгуу—элден бөлүнүп калуу, четтеп калуу. Сөзүңөр өтпөй эч кимге, элден чыгып калбаңар (Жантөшев). Жүрөгү чыгуу же эси чыгуу — коркуу, коркуп кетүү, чочуп кетүү. Элден качып элирип, Эси чыккан мындан көп («Семетей»). Эстен чыгуу — унутуу, унутуп калуу, ойдон чыгып калуу. Шаардын көрүнүшү сонун экен, Сакталып кала берет чыкпай эстен (Нуркамал). Тили чыгуу 1) жаңыдан сүйлөй баштоо (көбүнчө жаш балдарга карата); 2) тилдүү боло баштоо. Мына эми, бөбөгүмдүн тили чыгып, Мээримдүү ширин сөзүн айтканындай (Маликов). Күйөөгө чыгуу же турмушка чыгуу — турмуш куруу, бирөө менен баш кошуу. Тилекке жетсек, ушул кезде турмушка чыксам деген үмүтүм бар эле (Байтемиров). Эрден чыгуу же күйөөдөн чыгуу — күйөөсү менен ажырашуу, күйөөсүнөн ажырашып кетүү. [Чаргындын] алган келинчеги үч эрден чыккан Айша деген болучу (Сыдыкбеков). ЧЫЙпыйы чыгуу к. чый.