кеч I 1. вечер; эртеден кара кечке с утра до позднего вечера; кечинде вечером; кечке к вечеру; кеч кирди или күн кеч кирди наступил вечер; ат үстүндө бир тынбай, кеч кирет да таң атат фольк. он на коне без отдыха с вечера и до рассвета; 2. поздно; кеч келдиң ты поздно пришёл; кеч кал- опоздать; кеч калар ишке кар жаайт погов. на запоздалое дело снег падает; ач калардыкы кеч калар погов. кому голодным быть, у того (всё) запаздывает (напр. и так нужда, а тут ещё корова с отёлом запоздала); кейисем да, тилеймин "кечинен бер" деп өлүмдү фольк. хотя я и огорчён, прошу тебя послать мне смерть позже (не теперь); эртедир-кечтир рано или поздно; эртедир-кечтир колума бир түшөөр рано или поздно он мне в руки попадёт; кеч кечир- или кеч кечтир- см.кечир- II; эртели-кеч или эртели-кечти см.эртели; керээли кечке см.керээли. кеч- II 1. переходить вброд, переправляться; далай сууну кечкемин я много рек переходил вброд; муну менен суу кечпейсиң 1) с ним ты реку вброд не перейдёшь; 2) перен. от него тебе пользы мало; тизеден суу кечип иштеди он работал по колено в воде; тизеден кар кеч- пробираться по колено в снегу; балчык кеч- идти по грязи, месить грязь; 2. с предшеств. исх. п. отказываться; акыңдан кеч откажись от того, что тебе надлежит; кечтим байдын кызынан погов. отказался я от байской дочки (не хочу на ней жениться; так говорят, когда внешне заманчивое дело сулит много хлопот); ак сүтүмдөн кечпеймин я (мать) не прощу (сыну, дочери) неблагодарности (букв. не откажусь от своего белого молока); жандан кеч- перестать радоваться жизни; аша кеч- решительно отказаться, совсем отказаться; үй-бүлөдөн аша кечкендер бросающие семью на произвол судьбы; сенден кеч кечтим ты мне надоел; 3. с предшеств. вин. п. прощать; күнөмдү кеч прости мою вину; айласыздан мен айттым, айыбымды кечерсиз я сказал (это) вынужденно, простите мне мою вину; сак болгула, уйкуну кеч бир түнгө! будьте бдительны, не спите одну ночь!; сүт акымды кечтим я (мать) простила неблагодарность (букв. простила следуемое мне за белое молоко); суу кечпей турган сөз бесплодные разговоры, пустая болтовня; суу кечпеген сөздүн кереги эмне? к чему пустые разговоры? күн кеч- жить; жалганчы болуп жүргүчө, жалгыз жүрүп күн кечем фольк. чем быть мне лжецом, лучше я буду жить одиноким; анда алың не кечет? южн. что там с тобой будет? в каком положении ты там окажешься? безип-кечип убегая, как чёрт от ладана; от кечер см.от I.
Iзат.1. Күн батып, караңгы түшкөн мезгил. Кеч кирди, конбогондор кайтышты (Аалы). [Мукай].. кечте үйгө келер деген ой менен [Абаз].. чыдамсыздыкта күттү (Байтемиров).
2. Болжолдуу убакыттан өткөн мезгил, учур, эртеге карама-каршы. Жүдөмүш райондон кеч кайтты (Убукеев). Эрте туруп, кеч жатып, Эмгек десе талбаган (Нуркамал).
КЕЧIIэтиш. Агын суунун (арыктын, өзөндүн, дайранын) экинчи жагына өтүү, чыгуу; суу каптаган же суу токтогон жер менен басуу. Ашуусу бийик тоо ашты, Агыны катуу суу кечти («Эр Төштүк»). Балдар чалпылдатып суу кечип ойношту. 2.өт. Баштан өткөрүү, көрүү. Көздөн агып мончок жаш Эмнелерди кечпеди (Турусбеков).
¨ Канкечүүжеоткечүү — согушта, урушта болуу, катышуу. Кан кечсек өз-өз ара болдук жөлөк, Бир гана жеңсек дейбиз, ой жок бөлөк (Абдыраманов). От кечип кан майданда болдук эчен (Турусбеков). Суукечпейтургансөз — маанисиз, жараксыз, тиешеси жок сөз. Суу кечпей турган сөздү айтып эмне кыласыңар — деди Асанкул (Убукеев).
КЕЧIIIэтиш.1. Кыюу; таштап коюу, карабоо. Мен бирөөдөн кечсем кечем, бир тууганымдан кечпейм («Ала-Тоо»). Үй-жайдан да, бала-чакадан да кечкен кишилер бар (Абдукаримов). Сен жаныңдан аша кечкен эмесиңби (Убукеев). Малды жакшы бага албайт, Түн уйкудан кечпесе (Осмонкул).
2. Ичине кек албоо, айып этпөө. Кечип коёр бекенсиң Кетпес кегиң бар болсо («Курманбек»). Жаңылыпмын бир жолу, Кечип койчу сен муну (Жантөшев).
1. Күн батып, караңгы түшкөн мезгил. Кеч кирген убак. Бүгүн кечте келүү керек. 2. Эрте эмес, өз убактысында (маалында) болбогон, кечиккен шартта. Ой, баса, азыр да кеч эмес (Байтемиров). Сапар шахтадан күндөгүдөн кеч кайтты (Сасыкбаев). Эртеси Жылдызкандар кеч ойгонушту (Байтемиров).
1. Агын суудан (кечүүдөн) өтүү, суу токтогон же суу каптаган жер менен басуу, жүрүү. Кеч жөнөдү турбастан, Күркүрөп аккан суу кечип (Тоголок Молдо). Ушул өзөндүн өйдөкү кечүүсүнөн кечип өтүүгө мүмкүн болбой, суу катуу кирип турган убак эле («Ала-Тоо»). Көлчүктү ары-бери кечип, балдар куушуп ойноп жүрүштү («Жаш ленинчи»). 2. өт. Баштан өткөрүү, жашап, көрүп өтүү. Жалганчы болуп жүргүчө, Жалгыз жүрүп күн кечем («Эр Табылды»). Көздөн агып мончок жаш, Эмнелерди кечпеди (Турусбеков).
1. Кыйылбай, аянбай таштап салуу, карабоо, мейли деп коюу, аёо кылбоо. Үй-жайдан да, бала-чакадан да кечкен кишилер бар (Абдукаримов). Ошондон түшкөн пайданы кечтим деп, карабай кете берер элем («Ала-Тоо»). 2. Туугандык, жакындык мамилени үзүп, араздашып калуу, кетишүү. Тууган деп түштүк үйүңө, Тартуубузду бербесең, Таарындык – сенден кечебиз («Эр Табылды»). Баламдан кечип, карабай коюуга жүрөгүм чыдагыдай эмес («Ала-Тоо»). 3. Ичине кек сактабай, айыбын, күнөөсүн кечирип коюу, айып этпөө. Бул айыпты кечиңиз, Кечпес болсоң айыпты, Мынакей башты, кесиңиз! («Манас»). Тарбиядан тайкымын, Орой айтсам, кечип кой, аба («Сейтек»). Жаңылыпмын бир жолу, Кечип койчу сен муну (Жантөшев).
кече I ир. 1. косноязычный, с большим дефектом речи; кеченин тилин энеси билет погов. язык косноязычного понимает его мать; 2. бестолковый, непонятливый. кече II кийим-кече всякая одежда, одежонка (гл. обр. верхняя); көйнөк-кече одежда (не верхняя; напр. кальсоны, панталоны, рубаха, женское платье); көйнөк-кечеси жуулганбы? а бельё его стиралось? куржун-кечелер всякого рода дорожные сумки; перемётная сума с содержимым; куржун-кечелерин ийиндерине салып алышкан они взвалили себе на плечи перемётные сумы; сандык-кече сундуки и прочее; кап-кече разного рода мешки и тому подобное; кийиз-кече всякого рода кошмы; азык-кече провиант, съестные припасы. кече III 1. то же, что кечээ; 2. перен. вечер (для развлечения); 3. южн. ночь; бир кече жарсыз жатканым жок фольк. ни одной ночи я не провёл без любимой; кечеси ночью; кечеси келгиле приходите ночью.
Iзат. Көңүл ачуу, салтанат үчүн уюштурулган кечки зоок. Темир жолчулардын майрамына арнап өздүк көркөм чыгармачылык кечесин уюштурабыз (Сасыкбаев). Дем алыш күндөрүнүн алдында кече уюштуруп, балдардын күчүнөн оюн көрсөтөт (Сыдыкбеков).
КЕЧЕIIсын. Тантык, тил билбес, түшүнбөгөн. Кеченин тилин энеси билет (макал).
КЕЧЕIII; кечээ менен бирдей.
Кийиз-кече кош сөзүнүн составындагы кече сөзү да байыркы түрк тилинде «кийиз» маанисин берген (ДТС, 291). Азыркы кыргыз тилинде ал сөз өзүнчө турганда «кийиз» маанисин бербей, кош сөздүн составында гана айтылып калган.
Кандайдыр бир салтанаттуу окуяга байланыштуу жыйналыш, оюн-зоок, таң-тамаша. Мектепте уюштурулган кечеде комуз чертип ырдагамын («Ала-Тоо»). Жакында абдан кызуу кечеде болдук (Абдыраманов). Коштошуу кечебиз да болуп өттү (Сыдыкбеков).
delay (noun)
The amount of time between the scheduled start of a task and the time when work should actually begin on the task; it is often used to resolve resource overallocations. There are two types of delay: assignment delay and leveling delay.
Өз убагында, маалында келбей, же кандайдыр бир ишти аткара албай, кеч калуу, үлгүрбөй калуу. Сен болбосоң эжем жумуштан кечигет эле («Агым»). – Самат эмне мынча кечикти? (Сасыкбаев). Атам кечиккен сайын чыдамым кетет, кыжалатым күчөйт (Касымбеков). Эрте бүтпөй, эки саатка кечиккен экенбиз («Аалам»).
возвр.-страд. откечиктир-; кечиктирилбей турган иш неотложное дело; биринчи марттан кечиктирилбей не позднее первого марта; пахтанын өсүшү кечиктирилип жатат рост хлопчатника задерживается; кечиктирилбес милдет неотложная задача; кат кечиктирилбей жиберилсин письмо отправить без промедления.
кечил I 1. калмыцкий монах; кечил өт- прожить жизнь холостяком; 2. (в эпосе) калмык, калмыки; кебез белбоо, кең өтүк, кечилдин каны Коңурбай фольк. ватнокушачный, широкосапогий калмыцкий хан Конгурбай. кечил- II возвр.-страд. откеч- II; суу кечилди река была пройдена вброд; кечилбес милдет неотложная задача; кечилбес күнөө непростительный грех, тяжкое (букв. непростительное) преступление; кечилбейт не будет прощено.
КЕЧИЛ — ламаизм дининдеги элдердин атайын касам ичкен дин кызматкери. К. жөнүндө эпосто:
Сары-Суунун боюнда
Оркойгон күрөө көрүнөт.
Ал күрөөгө барганда
Кызыл сакал топусу,
Ал кытайдын сопусу
Ошол күрөөдө болот кечили (Саякбай Каралаев, 2. 19),
— деп сүрөттөлөт.
К. болгон адам дүйнөдөн безүү, үй-жай, мүлкүн кечүү, дүйнөдөн так өтүү, туугандык жана социалдык байланыштарды үзүү, катаал тартипке баш ийүү сыяктуу эрежелерди аткарган: «Катын алып жүрбөгөн Кытайлардын кечил деген молдосу» (Саякбай Каралаев, 2. 101). К. көбүнчө кытай маанисинде да колдонулат: «Кебез белбоо, кең өтүк, кечилдин каны Коңурбай» (Саякбай Каралаев, 2. 129). К-дер өздөрүнчө социалдык диний топту түзгөн, ал кечилдик деп аталган. К-дин алгач Индияда биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта пайда болуп, кийинчерээк Кытай, Япония, Тибет, Түштүк-Чыгыш Азия, Ыраакы Чыгыштагы өлкөлөрдө өнүккөн, к. Күрөө.
Ы. Кадыров
1. Үйлөнбөй, дүйнөдөн так өткөн адам. Кечил өтүү. Жолдоштору кечилдеп, шылдыңдап жүрүшөт (Ашубаев). 2. Эпостук чыгармаларда «калмак» деген түшүнүктү билдирет. Кечилдин каны Коңурбай («Манас»). Кечилден отуз келсин – деп («Манас» С. О.).
не могущий быть прощённым (напр. о преступлении); сохраняющийся навеки (напр. о чувстве злобы); анда кечилгис кегим бар у меня есть чувство мести, которое я сохраню навеки.
Күн батарга жакын, күн баткандан кийин, кеч кирген мезгилде. Кечинде жетип токтолду, Чоң Үргөнчтүн четине («Курманбек»). Таяк алып колуңа, Малды көздөп турасың, Эртең менен, кечинде (Токтогул). Жаз, жай, кыш, күз, таңда, күндүз, кечинде (Сахгами).
кечир I хрящ лопаточной кости (его срезали у захваченного врага, которого оставляли живым, но обессиленным); оң далысын ойгула, оң кечирин сойгула! сол далысын ойгула, сол кечирин сойгула! фольк. выверните ему правую лопатку, вырежьте правый хрящ! выверните ему левую лопатку, вырежьте левый хрящ!; айдалынын кечирин, айра сайды эр Байыш фольк. богатырь Байыш так ударил (копьём), что отворотил ему плечевой хрящ; Күлчоронун далыга ит кечирин эп кыйып фольк. к лопатке Кюльчоро он плотно пригнал хрящ собаки (вместо вырезанного врагом); төштүн кечири мечевидный отросток грудной кости (со словами "тайым күлүк болсун! пусть мой жеребёнок будет скакуном!" мальчик, которому отец подарил жеребёнка, подбрасывал кверху этот отросток вместе с оболочкой; если отросток прилипал к верху юрты, это означало, что пожелание должно сбыться).
Iзат. Далынын аяк жагына тегерете туташкан кемирчек. Жолум үйдөй чоюн баш [Сарыбай] Кармай калып имерди, Как далынын кечирге Кош колдоп тартып жиберди («Сейтек»).
КЕЧИРII кеч этишинин аркылуу мамилеси.
кечир- II понуд. откеч- II 1. заставить перейти вброд, переправлять вброд; кан кечир- см.кан I; 2. переживать, испытывать; күн кечир- проводить жизнь, существовать; 3. прощать, извинять; кечиресиз! извините!, простите!, виноват!; ит үрөт, эр кечирет погов. собака лает, молодец прощает (о брани дурного человека); аша кечир- или кеч кечир- надоесть; навязнуть в зубах; сен мени кеч кечирдиң (или кеч кечтирдиң) ты мне надоел; шейит кечир- эвф. явиться причиной чьей-л. гибели за правое дело (вместо: быть виновником смерти); ит аяк кечир- см.аяк II.
Далынын аяк ченине туташкан кемирчек (эски жоокерчилик мезгилинде колго түшкөн душмандын ушул кемирчегин кесип, алсыздандырып таштоо салты болгон). Колум сынып, бут кылып, Тороло албай турамын. Кечирим жоого кестирип, Чоңоё албай турамын («Сейтек»). Какшап турган Канышай, Кечирге тартып жиберди («Семетей»).
прощение; амнистия; ката бизден, кечирим сизден ошибка наша, прощение ваше (уж извините, если у меня что-нибудь не так вышло); кечирим сура-просить прощения.
зат. Кандайдыр бир туура эмес иши, кылыгы, мамилеси үчүн кечирип коюусун сурап өтүнүүчүлүк жана ошондой өтүнүчтү канааттандыруучулук. Кечирим суроо. Кечирим кылуу.
1. простительный; келишиңер кечиримдүү, кандай жумуш менен келдиңиздер эле? то, что вы пришли, простительно, но (всё-таки) по какому же делу вы пришли? 2. добрый, отзывчивый; атаң Манас хан эле, кечиримдүү жан эле фольк. твоим отцом был хан Манас, был он добрым человеком.
кечиш I и. д. откеч- II. кечиш- II взаимн. откеч- II; каруу-жарак колдо жок, кан кечишер заман шол фольк. оружия нет (у нас) в руках, настало время (нам) тонуть в крови.
такт. 1. Күн батканча, караңгы киргенче. Кечке күлкүнүн ичинде болгондо кабагы жарык (Сыдыкбеков). Кечке жүрдүк. Адыр, белес, дөң бастык (Аалы).
2. Көпкө чейин, өтө узак, кайта-кайта эле. Кечке эле сүйлөй бересиңби? ¨Керээликечкек.керээли. Кечкемаалжекечкежуук — күн батарга жакын, кечке жакын, кечкурун. Акбар кечке жуук үйгө келди (Убукеев). Кечке маал кар аралаш катуу суук күчөдү (Сасыкбаев).
Күнү бою, караңгы болуп, кеч киргенче. Койчу, балам, кечке тамак ичпедиң, ачка болбогондо канттиң (Байтемиров). Кечке жумуш кылып чарчагандыгын билишпей, бири кыяк тартып, калгандары бийлей башташты (Жантөшев).
Кеч киргенге, күн батарга жакын, кечкурун. Кечке маал капчыгайдын өрдөшү алда кандай бир кооз көрүнүш менен капталды (Сасыкбаев). В.: Кечке жуук. Мен колума таяк алып, айылга кечке жуук жетип бардым (Сыдыкбеков).
вечерний; кечки маал вечернее время; кечки саат сегизде в восемь часов вечера; кечки мектеп вечерняя школа; кечки университет вечерний университет; кечки берилүүлөр радио вечерние передачи.
Күн баткандагы, кеч болгондогу, кечтеги, кеч киргендеги. Коңгуроо кагылып, кечки тамакка чакырды (Ашубаев). Кечки жел берет серүүндү, Эмгекти кылып жатканда (Бөкөнбаев).
Кечке маал, кечкисин, күн батарда. Кечкурун үйгө башкы механик Касымакундун курбалдары келишти («Ленинчил жаш»). Эл кечкурун тышта мал-салдын сарамжалында жүргөн (Элебаев).
то же, чтокечүү I; аргымак айгыр кече албас ягын суудан кечмек бар стих. есть переправа на текучей воде, (там) где не может перейти (даже) породистый жеребец.
то же, чтокечүү I; жаңылышып кечмеликтен, тайгаланып аты муздан, караңгыда сууга агыптыр стих. ошибся он бродом, лошадь его поскользнулась на льду, и он был унесён водой.
зат. Суунун экинчи жагына, өйүзүнө кечип өтүүчү жери, кечүү. Бул суу азыр кире элек.. киргенде.. тетиги кечмеликти көрдүңүзбү? Ал жерден төө кечип да өтө албай калат (Байтемиров). Кечмеликтен кечирди («Эр Төштүк»).
Суунун кечип өтө турган жери, кечүүсү. Биз айылдан чыгып, кечмелиги жайык өзөн сууга туш келдик (Каимов). Кечмеликке бурулбай, башын жерге салып, анда-санда бут таштайт («Ала-Тоо»).
late binding (noun)
Binding (converting symbolic addresses in the program to storage-related addresses) that occurs during program execution. The term often refers to object-oriented applications that determine, during run time, which software routines to call for particular data objects.
то же, чтокечир- II; суу кечтир- заставить переправиться вброд; "кайнардын суун кечтир" деп, "катын, эркек аралаш, байлатып, төөнү чечтир" деп фольк. приказал он, чтобы через родниковую воду переправились и чтобы мужчины и женщины привязали и развьючили верблюдов.
кечүү I брод; бирөө кечерге кечүү таппай журсө, бирөө ичерге суу таппай жүрөт погов. один для переправы брода не находит, а другой для питья воды не находит. кечүү II и. д. откеч- II.
1. вчера; кечээ күнү вчерашний день, вчера; кечээ күнү кечинде вчера вечером; кечээ күнкү вчерашний; 2. вечер; бүлөө зоок кечээси семейный вечер; 3. прошлое; кечээ амирдин убагында в прошлом, во времена эмира (бухарского).
такт. Бүгүнкү күндөн бир күн мурун, өткөн күн. Кечээ мен Михаилдин өзүнөн кат алдым (Сыдыкбеков).
2. Мурда, илгери, өткөн күндө, мурун. Кечээ көчмөн айылым, Кыштакташып жаңырган (Бөкөнбаев).
1. Мындан (бүгүнкүдөн) мурдагы күнү, кечээги өткөн күнү. Кечээ күнү мында кеч келип конгон малчылар бүгүн таңдын үрүң-бараңында козголду (Убукеев). Чоко кечээ кечтен бери жол тосуп, азыр үйүнө карай басты (Жантөшев). 2. Мындан мурда, өткөн күндөрдүн биринде. Кечээ каралап мени айдаган, Керимбай өңдүү манаптар, Эл ичинен куулду (Токтогул). Кечээ ашына барып буруттун, Олжолоп жылкы алганбыз («Манас»). Кечээ койчу Алымкулум, Бүгүн кенге кириптир (Бөкөнбаев).
1. Кечээ күнкү, мындан бир күн мурдагы, өткөн күнкү. Шаардын ичи кечээкиден да дүрбөлөңдүү (Токомбаев). 2. Мындан мурдараактагы, мурунку кездеги. Атаң кечээки болуп өткөн согушта каза тапты (Сыдыкбеков). Кечээки жаш балдардын алды минтип эр азамат болду («Ала-Тоо»).
и. д. откечээндет- откладывание на более поздний срок; кош айдоону кечээндетүү эгиндин түшүмүн көтөрүүгө саат болот опоздание с посевной является препятствием к поднятию урожайности.
Мындан бир күн мурдараактан. Кечээтен бери күн катуу ысып, суунун киргени күчөдү («Ала-Тоо»). Кечээтен кайда жүрдү эле, эми кеч болуп калбадыбы («Жаш ленинчи»).