Киргизско-русский словарь Юдахина
кече I
ир.
1. косноязычный, с большим дефектом речи;
кеченин тилин энеси билет погов. язык косноязычного понимает его мать;
2. бестолковый, непонятливый.
кече II
кийим-кече всякая одежда, одежонка (гл. обр. верхняя);
көйнөк-кече одежда (не верхняя; напр. кальсоны, панталоны, рубаха, женское платье);
көйнөк-кечеси жуулганбы? а бельё его стиралось?
куржун-кечелер всякого рода дорожные сумки; перемётная сума с содержимым;
куржун-кечелерин ийиндерине салып алышкан они взвалили себе на плечи перемётные сумы;
сандык-кече сундуки и прочее;
кап-кече разного рода мешки и тому подобное;
кийиз-кече всякого рода кошмы;
азык-кече провиант, съестные припасы.
кече III
1. то же, что кечээ;
2. перен. вечер (для развлечения);
3. южн. ночь;
бир кече жарсыз жатканым жок фольк. ни одной ночи я не провёл без любимой;
кечеси ночью;
кечеси келгиле приходите ночью.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Көңүл ачуу, салтанат үчүн уюштурулган кечки зоок. Темир жолчулардын майрамына арнап өздүк көркөм чыгармачылык кечесин уюштурабыз (Сасыкбаев). Дем алыш күндөрүнүн алдында кече уюштуруп, балдардын күчүнөн оюн көрсөтөт (Сыдыкбеков).
КЕЧЕ II сын. Тантык, тил билбес, түшүнбөгөн. Кеченин тилин энеси билет (макал).
КЕЧЕ III; кечээ менен бирдей.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кийиз-кече кош сөзүнүн составындагы кече сөзү да байыркы түрк тилинде «кийиз» маанисин берген (ДТС, 291). Азыркы кыргыз тилинде ал сөз өзүнчө турганда «кийиз» маанисин бербей, кош сөздүн составында гана айтылып калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир салтанаттуу окуяга байланыштуу жыйналыш, оюн-зоок, таң-тамаша. Мектепте уюштурулган кечеде комуз чертип ырдагамын («Ала-Тоо»). Жакында абдан кызуу кечеде болдук (Абдыраманов). Коштошуу кечебиз да болуп өттү (Сыдыкбеков).