кеч
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. 1. Күн батып, караңгы түшкөн мезгил. Кеч кирди, конбогондор кайтышты (Аалы). [Мукай].. кечте үйгө келер деген ой менен [Абаз].. чыдамсыздыкта күттү (Байтемиров).
2. Болжолдуу убакыттан өткөн мезгил, учур, эртеге карама-каршы. Жүдөмүш райондон кеч кайтты (Убукеев). Эрте туруп, кеч жатып, Эмгек десе талбаган (Нуркамал).
КЕЧ II этиш. Агын суунун (арыктын, өзөндүн, дайранын) экинчи жагына өтүү, чыгуу; суу каптаган же суу токтогон жер менен басуу. Ашуусу бийик тоо ашты, Агыны катуу суу кечти («Эр Төштүк»). Балдар чалпылдатып суу кечип ойношту.
2. өт. Баштан өткөрүү, көрүү. Көздөн агып мончок жаш Эмнелерди кечпеди (Турусбеков).
¨ Кан кечүү же от кечүү — согушта, урушта болуу, катышуу. Кан кечсек өз-өз ара болдук жөлөк, Бир гана жеңсек дейбиз, ой жок бөлөк (Абдыраманов). От кечип кан майданда болдук эчен (Турусбеков). Суу кечпей турган сөз — маанисиз, жараксыз, тиешеси жок сөз. Суу кечпей турган сөздү айтып эмне кыласыңар — деди Асанкул (Убукеев).
КЕЧ III этиш. 1. Кыюу; таштап коюу, карабоо. Мен бирөөдөн кечсем кечем, бир тууганымдан кечпейм («Ала-Тоо»). Үй-жайдан да, бала-чакадан да кечкен кишилер бар (Абдукаримов). Сен жаныңдан аша кечкен эмесиңби (Убукеев). Малды жакшы бага албайт, Түн уйкудан кечпесе (Осмонкул).
2. Ичине кек албоо, айып этпөө. Кечип коёр бекенсиң Кетпес кегиң бар болсо («Курманбек»). Жаңылыпмын бир жолу, Кечип койчу сен муну (Жантөшев).