Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. 1. Күн батканча, караңгы киргенче. Кечке күлкүнүн ичинде болгондо кабагы жарык (Сыдыкбеков). Кечке жүрдүк. Адыр, белес, дөң бастык (Аалы).
2. Көпкө чейин, өтө узак, кайта-кайта эле. Кечке эле сүйлөй бересиңби?
¨ Керээли кечке к. керээли. Кечке маал же кечке жуук — күн батарга жакын, кечке жакын, кечкурун. Акбар кечке жуук үйгө келди (Убукеев). Кечке маал кар аралаш катуу суук күчөдү (Сасыкбаев).