Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз убагында, маалында келбей, же кандайдыр бир ишти аткара албай, кеч калуу, үлгүрбөй калуу. Сен болбосоң эжем жумуштан кечигет эле («Агым»). – Самат эмне мынча кечикти? (Сасыкбаев). Атам кечиккен сайын чыдамым кетет, кыжалатым күчөйт (Касымбеков). Эрте бүтпөй, эки саатка кечиккен экенбиз («Аалам»).