КЕЧИНДЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Күн батарга жакын, күн баткандан кийин, кеч кирген мезгилде. Кечинде жетип токтолду, Чоң Үргөнчтүн четине («Курманбек»). Таяк алып колуңа, Малды көздөп турасың, Эртең менен, кечинде (Токтогул). Жаз, жай, кыш, күз, таңда, күндүз, кечинде (Сахгами).