Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мындан (бүгүнкүдөн) мурдагы күнү, кечээги өткөн күнү. Кечээ күнү мында кеч келип конгон малчылар бүгүн таңдын үрүң-бараңында козголду (Убукеев). Чоко кечээ кечтен бери жол тосуп, азыр үйүнө карай басты (Жантөшев). 2. Мындан мурда, өткөн күндөрдүн биринде. Кечээ каралап мени айдаган, Керимбай өңдүү манаптар, Эл ичинен куулду (Токтогул). Кечээ ашына барып буруттун, Олжолоп жылкы алганбыз («Манас»). Кечээ койчу Алымкулум, Бүгүн кенге кириптир (Бөкөнбаев).