нож; ит бычагы обломок ножа; плохой, тупой нож; бычак ур- нанести удар ножом, вонзить нож; өзүңө бычак ур, оорубаса, кишиге ур погов. вонзи нож себе: если не будет больно, вонзи другому; мен аны менен кырды бычакмын я с ним на ножах; бычак сырты чуточку; бычак сырты өйдө чуточку выше, больше, лучше и т.д.; бычак сырты төмөн чуточку ниже, меньше, хуже и т.д.; атадан да кыз балага эненин боору бычак сырты жакын дешет ко? говорят же, что дочь матери всё же чуточку ближе, чем отцу; апийимге бычак түшкөндө когда начинают доить опийный мак (подрезать головки и брать сок); бычак ала чуркайт он сразу же налетает, он накидывается как бешеный; бычакка илинбейт 1) и смотреть-то не на что, а не то, что резать (напр. о худой овце, о маленьком ягнёнке); 2) (о человеке) никудышный, никчёмный; бычакка илине турганы или бычакка илинери 1) (о животном) годный на убой; 2) шутл. (о человеке) более или менее подходящий; бычакка илинери эле ушул да из более или менее подходящих - только он; бычакка тие албай турат (ему) хоть в петлю лезь.
зат. 1. Кесүү үчүн колдонулуучу миздүү, сабы бар курал. Маки, бычактарын чыгарып, дасторкон үстүнө таштап, эттин келишин күтүштү (Убукеев).
2.өт. Абдан каршы. Аш казаны ооруган кишиге арак—бычак.
♦Бычаккасаптык — бир нерсеге жарай турган, жөндөмү, кайраты бар. Бычакка саптык уулуң жок, Кайгырып жашым төгүлдү («Эр Табылды»). Бычактайтийүү — өтө катуу тийүү. [Батыш].. эринин абалын көрүп турат, ага ороюраак сүйлөгөн сөз бычактай тиерин сезет (Байтемиров). Кыштын ызгаардуу суугу да ач курсакка бычактай тиет (Баялинов). Азуусубычак — каардуу, ачуулуу, ырайымсыз. Азуусу бычак залимден Айдалып атаң тарп болгон (Токтогул). Кырдыбычак — абдан каршы, кас, бирин-бири көрө албаган. Мен аны менен кырды бычакмын.Бычаксыртык.сырт.Бычактынмизинде — кыйынчылыкта, оор абалда.
Байыркы мезгилде быч- этиши «кес-» деген маанини билдирген (ДТС 1969:104) жана ор- деген этиштен орок зат атоочу жасалган сыяктуу эле андан бычак зат атоочу пайда болгон. Кийин кыргыз тилинде түп мааниси унутулуп, төмөнкүдөй өтмө маанилери пайда болгон: «быч- 1. кроить; көлөкөгө карап, тон бычпайт погов. по тени шубу не кроят; кең бычкан кийим жыртылбайт погов. просторно скроенная одежда не рвётся; ата көргөн ок бычат, эне көргөн тон бычат погов. кто при отце жил — стрелу обделывает, кто при матери жил — одежду кроит; 2. (ср. битте- II 1) холостить, кастрировать (крупный скот и человека); алтымышка чыкканда, айгырдан бычкан аттайсың стих. когда тебе исполняется шестьдесят (лет), подобен ты кастрированному жеребцу; 3, точно определять; калың быч- этн. назначать, определять калым; оё бычып, калың жеп фольк. назначив и получив несметный калым; <> менин сыртыман тон бычыптыр без меня меня женили (букв. мне за глаза скроили одежду)» (Юдахин 1965:173).
Көрүнүп тургандай, быч этишинин 2-мааниси битте этиши менен маанилеш: «битте- II 1. (ср. быч- 2) холостить, кастрировать; айгырды биттеп ат кылгын фольк. кастрируй жеребца и сделай его мерином» (Юдахин 1965:137). Байыркы мезгилде бити- этиши «жаз-» маанисин туюндурган. Азыркы кыргыз тилинде ушул сөздөн жаралган битик деген сөз бар: «битик: жазуу, кат, чыгарма. Битик жазсам, жооп бересиӊби, эрке кыз? (М.Абакиров)» (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү 2010:236). Бул сөз бичик түрүндө да колдонулат, бирок мааниси бир аз айырмаланат: «бичик: 1. калмактардын диний ыйык китеби (эпостордо) Чочкодон төрттү союшуп, Бичикти төшкө коюшуп («Манас»). 2. жазуу, кат. Бичик чийип, кат коюп, Манастын атын бурмалап («Манас»)» (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү 2010:236). Ушундан улам байыркы мезгилде бул сөз бич-//бит- болуп эки вариантта колдонулса керек деп болжолдоого болот. Монгол тилдеринде да бич-, бичих түрүндө колдонулат.
Бирок анда «кес-» менен «жаз-» маанилерин кантип байланыштырабыз? Байланыш бар, анткени биздин байыркы бабаларыбыз кесип жазышкан: «беӊгү таш токытдым битидим я поручил воздвигнуть (этот) памятник и вырезал (на нем) надпись» (ДТС 1969 :103).
Адатта этимологдор бити- этишин кытай тилиндеги pi < piet «кисть для письма» деген сөздөн жасалган деп божомолдошот: бит + и = бити. Бирок биздин байыркы бабаларыбыз кыл калем менен эмес, жогоруда айтылгандай, таш бетин кесип, оюп жазышкан. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен бул божомолду кынтыксыз деп айтуу кыйын.
«Бычакка саптуу уулуң жок, Кайгырып жашым төгүлдү». (эр Төштүк). Бир жак кыры миздүү, кармоого эпиндүү, металлдан, мүйүздөн, сөөктөн, жыгачтан жумуру сабы бар бирдемелерди кесүүчү аспап-курал. Бычактын сабына чеберлер «сыя төгүү», «чапкылоо» сыяктуу зергерчиликтин түрдүү ыкмалары менен элдик көркөм оюм-чийимдерди түшүрүшөт. Асыл таш, айнек аркылуу «тогуз төбөлөйт». Бычакты пайдалануу да адамдардын жаш өзгөчөлүгүнө карата болот. Сабына ар кандай акак таштарды, айнекти чөгөрүлүп жасалган «бычактар» күлгүн жигиттерге таандык болот. Мунун чоңун «шамшар» деп аташат. Мүйүз сап, жыгач сап, металл сап бычактарды улгайгандар атайын кын жасатып, жанда алып жүрүшчү. Депкир сабына күмүш жалатып, ага оюм-чийим түшүрүшкөн.
Байыркы кездерде түрк тилдеринде быч этиши «кес» маанисин берген (ДТС, 104). Ага зат атооч жасоочу -ак мүчөсү жалганышынан бычак сөзү келип чыккан. Ошол бычак сөзүндө байыркы «кес» мааниси сакталып калган. Кийин быч этишинин ал мааниси унутулуп, бычак жана быч сөздөрүнүн байланышы жок сыяктанып калган.
1. Кесүү үчүн колдонулуучу миздүү, сабы бар курал. Маки, бычактарын чыгарып, дасторкон үстүнө таштап, эттин келишин күтүштү (Убукеев). 2. Толук бышып жетиле элек чөп, эгин. Көйкөлгөн бычак чөп экен. («Манас» С. О.).
Союуга эптеп жарай тургандай, анча арык эмес, эти түзүгүрөөк. Бычакка илинериушул экен («Ала-Тоо»). Ошонун ичинен бир бычакка илинери табылбайбы? Күркүрөгөн күздө бычакка илинер малы жок (Үмөталиев). Эл тарагыча бычакка илинер малдарынан кол жууду (Осмоналиев).
1. Союуга эптеп жарай тургандай, анча арык эмес, эти түзүгүрөөк. Ошонун ичинен бир бычакка илинери табылбайбы? Куркүрөгөн күздө бычакка илинер малы жок (Үмөталиев). Эл тарагыча бычакка илинер малдарынан кол жууду (Осмоналиев). 2. Эптеп бир нерсеге арзый турган. Бычакка илинери ушул экен («Ала-Тоо»).
Бир нерсеге жарай турган, жөндөмдүү, тың, бышык, колунан бир нерсе келе турган. Алардын ичинде бычакка сап болгудай эч кимиси жок экен (Көчкөнов). – Аке, элде кандай жигиттер бар? Бир бычакка сап болчудайы чыга турганбы? – деп сурады Мусулманкул (Касымбеков). В.: Бычакка саптык. Бычакка саптык уулум жок, Кайгырып жашым төгүлдү («Эр Табылды»). Баатырдын тукумунан бычакка саптык бир бала чыкпайбы? (Сыдыкбеков). Камчыга саптык. Ымтыраган иттер, камчыга саптык бири жок! – деп корбашы каарданып жатты («Ала-Тоо»).
Бир нерсеге, мерчемдүү ишке жарай турган, колунан бир нерсе келе турган, ар нерсеге жөндөмдүү, тың, чыйрак. Алардын ичинде бычакка сап болгудай эч кимиси жок экен (Көчкөнов). - Аке, элде кандай жигиттер бар? Бир бычакка сап болгудайы чыга турганбы? - деп сурады Мусулманкул (Касымбеков).
к. БЫЧАККА САП БОЛГУДАЙ
Бычакка саптык уулум жок, Кайгырып жашым төгүлдү («Эр Табылды»). Баатырдын тукумунан бычакка саптык бир бала чыкпайбы? (Сыдыкбеков).
Өлбөгөн жерде калуу, жаны кашайып, өлүмдөн да кайра тартпоо. Антсек Күрүчбек бычакка түшөт го! Түгүн каматабы малынын (Осмоналиев). Башка бирөө анын ордунда болсо, арданып бычакка түшмөк, Момун капарына алып да койбойт (Айтматов). Бир нерсе десе, өзү айткандай бычакка түшүүдөн да кайра тартпачудай түрү бар (Медетов). В.: Бычакка урунуу. Өң-алеттен кетип, бычакка уруна албай турган Сайра, баягы кыз кезиндегидей өткүр сүйлөдү (Саатов).
Өлбөгөн жерде калуу, колуна өлүп берүү, жаны кашайып, өлүүгө да даяр болуу. Башка бирөө анын ордуна болсо, арданып бычакка түшмөк, Момун капарына алып да койбойт (Айтматов). Бир нерсе десе, өзү айткандай бычакка түшүүдөн да кайра тартпачудай түрү бар (Медетов).
Аз эле, анча-мынча, бир аз гана, кичине эле. Былтыркыга караганда быйыл абалы эң кур дегенде бычак сырты өйдөбү? (Кыдырмышев). Мен сага караганда аларга бычак сырты жакындык кылам («Ала-Тоо»). В.: Бычак мизи. Караны көтөрө чалып мактап, бычак мизи жакындыгын көргөзүп отурду (Осмоналиев).
Аз эле, анча-мынча, бир аз гана, кичине эле. Былтыркыга караганда быйыл абалы эң кур дегенде бычак сырты өйдөбү? (Кыдырмышев). Мен сага караганда аларга бычак сырты жакындык кылам («Ала-Тоо»).
1. өтө катуу таасир этүү, жанына батуу, намысына келтирүү. Бул сөз жеке ал эмес, далайына бычактай тиет (Ашымбаев). Тамашага жооткоткону менен алардын айткандары мага бычактай тийди («Ала-Тоо»). 2. Жакпай калуу, терс таасир этип козгоп коюу (көбүнчө тамак-аштын жагыштуу болбой калышына карата). Сүрсүгөн эт экен, ашказанга бычактай тийди.
1. Өтө катуу таасир этүү, жанына батуу, намысына келтирүү. Бул сөз жеке ал эмес, далайына бычактай тиет (Ашымбаев). Тамашага жооткоткону менен алардын айткандары мага бычактай тийди («Ала-Тоо»). 2. Жакпай калуу, терс таасир этип козгоп коюу (көбүнчө тамак-аштын жагыштуу болбой калышына карата). Сүрсүгөн эт экен, ашказанга бычактай тийди.
1. Бычакта этишинин кош мамилеси. 2. Бирин-бири бычак менен сайышуу, бычак түрүндөгү куралдар менен сайышуу. Бычакташып калуу. Бычакташып катуу жарадар болуу.
обладатель ножа; ат бычактуунуку погов. (на пиру, на угощении) мясо принадлежит обладателю ножа (в старом быту мясо резал тот, у кого острый нож; во время разрезания он клал мясо и себе в рот);
Өтө оор абалда, кыйынчылыкта, кысталышта (көбүнчө катуу ооруган, башына чоң кырсык түшкөн мезгилге ж.б. карата). Бирок аба, иш ооп калды... Мен бычактын мизинде турам (Жантөшев).
Өтө оор абалда, кыйынчылыкта, кысталышта (көбүнчө катуу ооруган, башына чоң кырсык түшкөн мезгилге ж.б. карата). Бирок аба, иш ооп калды... Мен бычактын мизинде турам (Жантөшев). В.: Бычактын учунда. Өздөрү бычактын учунда турганын сезген жүзү каралар изин башка жакка салышты (Жантөшев).