бычак
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыБайыркы мезгилде быч- этиши «кес-» деген маанини билдирген (ДТС 1969:104) жана ор- деген этиштен орок зат атоочу жасалган сыяктуу эле андан бычак зат атоочу пайда болгон. Кийин кыргыз тилинде түп мааниси унутулуп, төмөнкүдөй өтмө маанилери пайда болгон: «быч- 1. кроить; көлөкөгө карап, тон бычпайт погов. по тени шубу не кроят; кең бычкан кийим жыртылбайт погов. просторно скроенная одежда не рвётся; ата көргөн ок бычат, эне көргөн тон бычат погов. кто при отце жил — стрелу обделывает, кто при матери жил — одежду кроит; 2. (ср. битте- II 1) холостить, кастрировать (крупный скот и человека); алтымышка чыкканда, айгырдан бычкан аттайсың стих. когда тебе исполняется шестьдесят (лет), подобен ты кастрированному жеребцу; 3, точно определять; калың быч- этн. назначать, определять калым; оё бычып, калың жеп фольк. назначив и получив несметный калым; <> менин сыртыман тон бычыптыр без меня меня женили (букв. мне за глаза скроили одежду)» (Юдахин 1965:173).
Көрүнүп тургандай, быч этишинин 2-мааниси битте этиши менен маанилеш: «битте- II 1. (ср. быч- 2) холостить, кастрировать; айгырды биттеп ат кылгын фольк. кастрируй жеребца и сделай его мерином» (Юдахин 1965:137). Байыркы мезгилде бити- этиши «жаз-» маанисин туюндурган. Азыркы кыргыз тилинде ушул сөздөн жаралган битик деген сөз бар: «битик: жазуу, кат, чыгарма. Битик жазсам, жооп бересиӊби, эрке кыз? (М.Абакиров)» (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү 2010:236). Бул сөз бичик түрүндө да колдонулат, бирок мааниси бир аз айырмаланат: «бичик: 1. калмактардын диний ыйык китеби (эпостордо) Чочкодон төрттү союшуп, Бичикти төшкө коюшуп («Манас»). 2. жазуу, кат. Бичик чийип, кат коюп, Манастын атын бурмалап («Манас»)» (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү 2010:236). Ушундан улам байыркы мезгилде бул сөз бич-//бит- болуп эки вариантта колдонулса керек деп болжолдоого болот. Монгол тилдеринде да бич-, бичих түрүндө колдонулат.
Бирок анда «кес-» менен «жаз-» маанилерин кантип байланыштырабыз? Байланыш бар, анткени биздин байыркы бабаларыбыз кесип жазышкан: «беӊгү таш токытдым битидим я поручил воздвигнуть (этот) памятник и вырезал (на нем) надпись» (ДТС 1969 :103).
Адатта этимологдор бити- этишин кытай тилиндеги pi < piet «кисть для письма» деген сөздөн жасалган деп божомолдошот: бит + и = бити. Бирок биздин байыркы бабаларыбыз кыл калем менен эмес, жогоруда айтылгандай, таш бетин кесип, оюп жазышкан. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен бул божомолду кынтыксыз деп айтуу кыйын.