бычак
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Кесүү үчүн колдонулуучу миздүү, сабы бар курал. Маки, бычактарын чыгарып, дасторкон үстүнө таштап, эттин келишин күтүштү (Убукеев).
2. өт. Абдан каршы. Аш казаны ооруган кишиге арак—бычак.
♦Бычакка саптык — бир нерсеге жарай турган, жөндөмү, кайраты бар. Бычакка саптык уулуң жок, Кайгырып жашым төгүлдү («Эр Табылды»). Бычактай тийүү — өтө катуу тийүү. [Батыш].. эринин абалын көрүп турат, ага ороюраак сүйлөгөн сөз бычактай тиерин сезет (Байтемиров). Кыштын ызгаардуу суугу да ач курсакка бычактай тиет (Баялинов). Азуусу бычак — каардуу, ачуулуу, ырайымсыз. Азуусу бычак залимден Айдалып атаң тарп болгон (Токтогул). Кырды бычак — абдан каршы, кас, бирин-бири көрө албаган. Мен аны менен кырды бычакмын. Бычак сырты к. сырт. Бычактын мизинде — кыйынчылыкта, оор абалда.