БЫЧАККА ТҮШҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өлбөгөн жерде калуу, колуна өлүп берүү, жаны кашайып, өлүүгө да даяр болуу. Башка бирөө анын ордуна болсо, арданып бычакка түшмөк, Момун капарына алып да койбойт (Айтматов). Бир нерсе десе, өзү айткандай бычакка түшүүдөн да кайра тартпачудай түрү бар (Медетов).