БЫЧАККА ИЛИНЕР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Союуга эптеп жарай тургандай, анча арык эмес, эти түзүгүрөөк. Ошонун ичинен бир бычакка илинери табылбайбы? Куркүрөгөн күздө бычакка илинер малы жок (Үмөталиев). Эл тарагыча бычакка илинер малдарынан кол жууду (Осмоналиев). 2. Эптеп бир нерсеге арзый турган. Бычакка илинери ушул экен («Ала-Тоо»).