Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы кездерде түрк тилдеринде быч этиши «кес» маанисин берген (ДТС, 104). Ага зат атооч жасоочу -ак мүчөсү жалганышынан бычак сөзү келип чыккан. Ошол бычак сөзүндө байыркы «кес» мааниси сакталып калган. Кийин быч этишинин ал мааниси унутулуп, бычак жана быч сөздөрүнүн байланышы жок сыяктанып калган.