БЫЧАККА ТүШүү
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өлбөгөн жерде калуу, жаны кашайып, өлүмдөн да кайра тартпоо. Антсек Күрүчбек бычакка түшөт го! Түгүн каматабы малынын (Осмоналиев). Башка бирөө анын ордунда болсо, арданып бычакка түшмөк, Момун капарына алып да койбойт (Айтматов). Бир нерсе десе, өзү айткандай бычакка түшүүдөн да кайра тартпачудай түрү бар (Медетов). В.: Бычакка урунуу. Өң-алеттен кетип, бычакка уруна албай турган Сайра, баягы кыз кезиндегидей өткүр сүйлөдү (Саатов).