1. слово; речь, разговор; сөзгө баатыр, ишке бакыр погов. на словах - герой, на деле - бедняга; сөздү коюп, бөздөн кел погов. от слов переходи к делу (букв. оставь разговоры, переходи к бязи); сөз атасы - кулак погов. отец слова - ухо (оно воспринимает и определяет ценность слова); айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти (этого) не следовало бы говорить, (но) сказалось (ничего не поделаешь); сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт погов. если на слово не ответить подходящим словом, то у слова отец умрёт (слову будет обидно); чынымды айтпасам, сөз атасы өлбөйбү? если не скажу правду, разве я не опорочу слова? ырас, ак сөз правда, правильно сказано; сөзүн кыл- говорить о ком-чём-л.; аттын сөзүн кылат он рассказывает о лошади; сөз болгон эле были (такие) разговоры; жооп кайтарган сөз менен чыгып сүйлөдү он выступил с ответным словом; конокторго куттуктоо сөз менен кайрылат он обращается к гостям с приветственной речью; басма сөз печатное слово, пресса; периодические издания; басма сөздөргө жарыяланат будет опубликовано в печати; басма сөзгө жазылуу подписка на издания (гл. обр. на газеты, журналы); 2. право решать дело, выносить судебное решение; айлыңа келген бөз арзан, астыңа келген сөз арзан погов. дёшева та бязь, которая доставлена к тебе в аул; удобно то слово, которое предоставлено тебе; сөздөн сөз чыгып отуруп слово за слово; сөзүм сөз моё слово твёрдо; даю твёрдое обещание; сөзү сөз болду его слово (или указание) оказалось действенным; сөзүм эки болбойт я своего слова не меняю; айтканымды сөздөй көр то, что я сказал, считай окончательным; крепко держись того, что я сказал; улуу сөз важное, нужное слово, которое приходится сказать, хотя оно и грубо; улуу сөздө (или сөзгө) уят жок погов. в важном слове стыда нет (т.е. не обессудьте на грубом слове, или к слову пришлось); келер сөз или келген сөз слово, пришедшееся кстати; келер (или келген) сөздү келин айтат погов. нужное (к случаю) слово (даже) сноха говорит (ей положено было молчать); келер-кетер сөз или кирди-чыкты сөз разговоры о том о сём, о всякой всячине; алп ооз сөз хвастливые речи; кара сөз лит. проза; мүчөлөмө сөз грам. изменяемое слово; башкаруучу сөз грам. управляющее слово; башкарылуучу сөз грам. управляемое слово; көмөк сөз грам. служебное слово; каратма сөз грам. обращение; толук сөз грам. полное или знаменательное слово; тууранды сөз грам. подражательное слово; маанилеш сөз лингв. уст. синоним; сөз өзгөрткүч жалгоо грам. словоизменительная приставка; сөз айкалышы лингв. словосочетание; туруктуу сөз айкалышы лингв. устойчивое словосочетание; жарыш сөз прения; жарыш сөзгө чык- выступить в прениях; жок сөз чепуха, ерунда; койсоңчу жок сөздү брось ерунду городить; суу кечпеген сөз болтовня несусветная; жел сөз пустые слова; сөзмө-сөз слово в слово, дословно, буквально; сөз сал- говорить; сөз салып отурат он говорит; кызга сөз сал- заводить речь о замужестве девушки; уговаривать девушку принять предложение; сөз кат- молвить слово, сказать; сөз катпастан отурду он сидел не проронив ни слова; сөз байлаш- сговориться, условиться, взаимно дать обещание; сөз тарат- распускать слухи; сөз алып кел- секретно принести сведения; эмне деп кеңеш курушар экен, сөз алып кел ты доставь сюда сведения о том, о чём они совещаются (букв. какой они устраивают совет); сөз ташы- сплетничать (переносить вести из одного дома в другой и обратно); сөзгө ал- (о человеке) считать стоящим, заслуживающим внимания; бир күн калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң погов. если однажды обнаружится твоя ложь, ты лишишься уважения; сөзгө ала кет- упомянуть в речи, упомянуть словом; сөзүнө кир- поддаться чьему-л. влиянию; сөзүнө кирбе ты его не слушайся; не поддавайся на его уговоры; сөзгө кал- стать предметом нелестных разговоров, подвергнуться осуждению; сөздөн чык- не исполнить приказания; сөзүнөн чыкпаймын я сделаю так, как он сказал; я его не ослушаюсь; сөздөн кал- лишиться языка, стать немым; сөзүнөн тынды он замолчал; ал сөздү кишиден сурабайт он за словом в карман не полезет (букв. он слова у другого не попросит); сөзүн сүйлө- держать чью-л. сторону; выполнять чью-л. волю; оозунда сөзү да бар он и на слова мастер; он и за словом в карман не лезет; сөзүңүз оозуңузда болсун простите, я вас перебью; сөз тийгиз- см.тийгиз-; майда сөз см.майда; күйдүргү сөз см.күйдүргү.
зат.1. Речтин айрым бир түшүнүктү, объективдүү дүйнөнүн кубулушу жөнүндө тыбыштар аркылуу билдире турган единицасы. Сөздүн мааниси. Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби. 2. Речь, кеп. Сабырдын сөзүнө балдар алакан чабышты (Сыдыкбеков). Сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт (макал). Карынын сөзүн капка сал (макал).
♦ Сөзмө-сөз — айтылгандай, жазылгандай, эч өзгөртүүсүз. Сөзгөаларлык — сөз кылууга арзырлык, көңүл бөлөрлүк. Сөзүэкиболбоо — убададан танбоо, айтканын орундатуу. Сөзгөкирбөө — башка бирөөнүн азгыруусуна көнбөө, бирөөнүн таасирине өтпөө. Сөзберүү — убада берүү, убада кылышуу. Сөзгөконокберүү — сөздү жула качпай же өзү эле сүйлөй бербей, башкалардын сөзүн да угуу, кезек менен сүйлөө. — Жолдош бригадир, сөзгө конок бериңиз, имишке ишенбей эле коюңуз (Таштемиров). Басмасөз — басылып чыккан же чыгарыла турган чыгармалардын же башка материалдардын жалпы жыйындысы, басма, басып чыгаруу иштери. Карасөз — чыгарманын ыр түрүндө эмес, жөнүнчө, кадыресе сүйлөө түрүндөгү формасы же анын тили. Жарышсөз — жыйналышта, конференцияда ж. б. коюлган маселени талкуулоо, пикир алышуу иретинде сүйлөнгөн сөз.
сөз, сөзгө сөз айкашы сөз атасы өлүү сөз байланышы сөз байлоо сөз берүү сөз жасоо сөз жебөө сөз карматуу сөз курамы сөз маданияты сөз оюну (ад.) сөз өзгөртүү сөз өлчөмү сөз өнөрү (ад.) сөз өстүрүү сөз таасири сөз тийгизүү сөз түркүмү сөз туюму сөз формасы сөз эркиндиги сөзгө аларлык сөзгө алуу сөзгө жыгылуу сөзгө келбөө сөзгө кирбөө сөзгө конок бербөө сөзгө конок берүү сөзгө сараң
1. Речтин айрым бир түшүнүктү, объективдүү дүйнөнүн кубулушу жөнүндө тыбыштар аркылуу билдире турган бирдиги. Сөздүн мааниси. Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби. 2. Речь, кеп. Сабырдын сөзүнө балдар алакан чабышты (Сыдыкбеков). Сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт (макал). Сөзү орундуу адамдар кандай сонун, Урматталып берилет төрдөн орун (Баласагын). Карынын сөзүн капка сал (макал). Билбегенсип сүйлөйсүң, Сөз келер жайын билбейсиң (Калмырза).
Тиешелүү сөз өз учурунда айтылбай мааниси кетүү. Сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт (макал.). Чынымды айтпасам, Сөз атасын өлтүрбөй мен да өз оюмду айтайын.
Убадалашуу, макулдашуу. Курман Айсулуу менен кыз оюн болгон түнү сөз байлашкан («Ала-Тоо»). Сагындан кордук көргөн бир топ кедейлер андан бөлүнүп кетмекчи болуп сөз байлашкан.
Убадалашуу, макулдашуу. Курман Айсулуу менен кыз оюн болгон түнү сөз байлашкан («Ала-Тоо»). Сагындан кордук көргөн бир топ кедейлер андан бөлүнүп кетмекчи болуп сөз байлашкан (Баялинов).
word part extraction dictionary (noun)
A custom extraction dictionary that lists words or phrases that are matched anywhere in the content in a case-insensitive way. For example, the entry "anchor" will match "anchor," "Anchor," and "anchorage."
Айтууга арзырлык, көңүл бөлүүгө татырлык. Алардын сөзгө аларлык, кубантарлык эч нерсеси жок болсо эмнени айтмак элем деп, жеңем жер карады («Кыргызстан аялдары»).
Айтууга арзырлык, көңүл бөлүүгө татырлык. Алардын сөзгө аларлы, кубантарлык эч нерсиси жок болсо эмнени айтмак элем деп, жеңем жер карады («Кыргызстан аялдары»).
Бир нерсенин жөн-жайын, дайнын билбей туруп эле моюн толгоо, макул болбоо. Деги сөзгө келсең боло? Сага эмне болду, - деп жеңемдин чый-пыйы чыкты («Ала-Тоо»), Кыйышпас болсоң сөзгө кел, Кыйноого салбай жанымды (фольк.).
Бир нерсенин жөн-жайын, дайнын билбей туруп эле моюн толгоо, макул болбоо. Деги сөзгө келсең боло? Сага эмне болду, – деп жеңемдин чый-пыйы чыкты («Ала-Тоо»). Кыйышпас болсоң сөзгө кел, Кыйноого салбай жанымды (фольк.).
Башка бирөөнүн азгыруусуна көнбөө, бирөөнүн терс таасирине бурулуп кетпөө. Бузуку таш жарат, өйдө-ылдый сөзгө кирбей жүр, балам, деп чоң энем көп айта турган («Ала-Тоо»).
Башка бирөөнүн азгыруусуна көнбөө, бирөөнүн терс таасирине бурулуп кетпөө. Бузуку таш жарат, өйдө-ылдый сөзгө кирбей жүр, балам, деп чоң энем көп айта турган («Ала-Тоо»).
Сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербөө. Алыбек сөзгө конок бербей бакылдай берген киши экен («Ала-Тоо»). Тоту жеңемдин сөзү отургандардын жүлүнүнө тийгендиктен, сөзгө конок беришпей, жеңеме каршы жаалаган сөздөр күч алды (Жантөшев).
Сөздү жула качпай же өзү эле сүйлөй бербей, башкалардын сөзүн да угуу, кезек менен сүйлөө. – Жолдош бригадир, сөзгө конок бериңиз, имишке ишенбей эле коюңуз (Таштемиров). Алыбек сөзгө конок бербей бакылдай берген киши экен («Ала-Тоо»). Тоту жеңемдин сөзү отургандардын жүлүнүнө тийгендиктен, сөзгө конок беришпей, жеңеме каршы жаалаган сөздөр күч алды (Жантөшев).
Көп сүйлөбөгөн, оңой менен оозунан кеп чыкпаган, унчукпаган. Өлмөсхан ар кимге ачылып сүйлөбөгөн сөзгө сараң адам (Жантөшев). В.: Кепке сараң. Кепке сараң, кеңешке жок (Сыдыкбеков).
Кепке-сөзгө калтыруу, абдан уят кылуу. Сөзгө сөлтүк кылбайын деп, силерди гана аяп отурам («Ала-Тоо»). Эл караган бетимди жер каратып, сөзгө сөлтүк кылды (Сыдыкбеков).
Кепке-сөзгө калтыруу, абдан уят кылуу. Сөзгө сөлтүк кылбайын деп, силерди гана аяп отурам («Ала-Тоо»). Эл караган бетимди жер каратып, сөзгө сөлтүк кылды (Сыдыкбеков). В.: Сөзгө сындыруу. Тиги жаманга айт, келинди теске салсын, бүт айылды сөзгө сындырды (Сыдыкбеков).
(встречается только в рифме с көздө-) то же, чтосүйлө- говорить; сөздү сөздө, артын көздө погов. слово говори, на последствия смотри (т.е. говори обдуманно); анда Тайлак сөздөдү, акыр жагын көздөдү стих. тогда Тайлак заговорил, предусмотрев последствия.
зат. Алфавит тартибине келтирилип, мааниси түшүндүрүлгөн же башка тилге которулган сөздөрдүн тизмеси берилген китеп. Кыргызча-орусча сөздүк. Орусча-кыргызча сөздүк. Түшүндүрмө сөздүк.
Алфавит тартибине келтирилип, мааниси түшүндүрүлгөн же башка тилге которулган сөздөрдүн тизмеси берилген китеп. Кыргызча-орусча сөздүк. Орусча-кыргызча сөздүк. Түшүндүрмө сөздүк.
речистый; эбин тапкан сөздүү находчивый и речистый; тик сөздүү прямой на словах; жалгыз сөздүү постоянный в слове, не меняющий своего обещания; туура сөздүү правдивый в слове; бал сөздүү медоточивый, сладкоречивый; эки сөздүү не держащий данного слова; лживый; эки сөздүү оңобу? разве лжец (когда-либо) получит добро?
word extraction dictionary (noun)
A custom extraction dictionary that lists words or phrases that are matched to exact words in the content in a case-insensitive way. For example, the entry "anchor" will match "anchor" and "Anchor," but not "anchorage."
Кандайдыр бир ишти аткарууга убада берүү, милдеткер болуп калуу. Кымызды сага берем деп, Карматып сөзүн койгону (Маликов). Кыз байкоосуздан жигитке сөз карматып койду («Ленинчил жаш»).
Кандайдыр бир ишти аткарууга убада берүү, милдеткер болуп калуу. Кымызды сага берем деп, Карматып сөзүн койгону (Маликов). Кыз байкоосуздан жигитке сөз карматып койду («Ленинчил жаш»).
Кеп салуу, сүйлөө, бир нерсе айтуу. Сүйлөгөн адам уулуна: «Сен кимсиң?» – деп сөз катпай («Семетей»). Анча-мынча сөз катканга жандын апкаарыганы жазылып, баатыр боло түштү (Байтемиров).
1. без слов; үнсүз-сөзсүз без звука, без слов; молча; 2. безусловно, безоговорочно; эгерде империалисттер согушту баштаса, анда ал аларды сөзсүз катастрофага алып барат если империалисты начнут войну, это безусловно приведёт их к катастрофе.
Жаман айтуу, көңүл кала тургандай сөз айтуу, тилдөө. Ышкынаалы сакалына сөз тийгизгенде, күйүп кетти (Байтемиров). Бирөө мага сөз тийгизип койбосун деп корко тургамын (Абдукаримов). В.: Кеп тийгизүү. Кээде сенин чогоолдугуң мага да кеп тийгизип жүрөт (Байтемиров).
Жаман айтуу, көңүл кала тургандай сөз айтуу, тилдөө. Ышкынаалы сакалына сөз тийгизгенде, күйүп кетти (Байтемиров). Бирөө мага сөз тийгизип койбосун деп корко тургамын (Абдукаримов).
Андан ары узартуу, айта баштоо. Бурулча Мамырды ээрчий басып сөзүн улады (Байтемиров). Зарыл кашынын үстүндөгү кара меңди адетинче сыйпап коюп сөзүн улады (Сыдыкбеков).
Бирөөнү кадырлоо, сыйлоо максатында анын айткан-дегенин орундатып, тапшырганын аткарып туруу. Ал менин сөзүмдү жерге таштабайт (Абдукаримов). В.: Сөзүн талаага таштабоо. Сөзүңүздү талаага таштабайбыз, ишене бериңиз («Чалкан»).
Кимдир бирөөнүн тарабында болуу, ошонун таламын талашуу. Улуктун ишин билбесең, Байдын сөзүн сүйлөсөң (Токтогул). Ал эми Абаздын таламын талашып, анын сөзүн сүйлөдү (Таштемиров).
Кимдир бирөөнүн тарабында болуу, ошонун таламын талашуу. Улуктун ишин билбесең, Байдын сөзүн сүйлөсөң (Токтогул). Ал эми Абаздын таламын талашып, анын сөзүн сүйлөдү (Таштемиров).
Бирөөгө кайрылып айткан кеби, өтүнүчү, суроосу кабыл болуу, өзүнүн айтканына башка бирөөнү көндүрүү, макул кылуу, тил алдыруу. Тилдеп тили, айтып сөзү өтпөгөндүгүн Карачал эми түшүндү (Жоошбаев). Аке, эл, жерден азгандан кийин канчалык туура иш кылып жатсаңыз да көзгө көрүнбөй, сөзүң өтпөй калат тура (Турусбеков).
Бирөөгө кайрылып айткан кеби, өтүнүчү, суроосу кабыл болуу, өзүнүн айтканына башка бирөөнү көндүрүү, макул кылуу, тил алдыруу. Тилдеп тили, айтып сөзү өтпөгөндүгүн Карачал эми түшүндү (Жоошбаев). Аке, эл, жерден азгандан кийин канчалык туура иш кылып жатсаңыз да көзгө көрүнбөй, сөзүң өтпөй калат тура (Турусбеков).
Сөзүн макул табуу, жөнү бар, ыктуу, маанилүү сөз деп эсептөө. Акымдын бардыгы жөнүндө канчалык айтсам да, менин сөзүм үжөт болгон жок (Баялинов). В.: Сөзүн үжөт кылуу. Ээ ...балам, каардуу зулумдар менин сөзүмдү үжөт кылмак беле деп Казак зээни кейип айтты (Сыдыкбеков).
Өтө катуу таасир этүү, оор тийүү. Акыркы сөз атамдын шилисинен чыга түштү белем (Осмоналиев). В.: Сөзү шибеге менен сайгандай угулуу. «Раиске сатып жиберебиз” деген сөзү кулагыма шибеге менен сайгандай угулду (Жантөшев).
Айтканы айткандай болуу, убададан тайбоо, дегени аткарылбай калбоо. Эркетайдын сөзү эки болбойт, үйдүн жакшысын сомдойт (Бөлөкбаев). В.: Айтканы эки болбоо. Сыр билги сатуучу жигиттин айтканы эки болгон жок («Чалкан»). – Ата ишен! Энем мени бузган жок. Айтканың эки болбойт, бар деген Нурматыңа барайын (Жантөшев).
СӨЗ ЭРКИНДИГИ – адамдын негизги жеке укуктары менен жарандардын саясий укуктарынын бири, маалымат эркиндигинин курамдык бөлүгү. Ал өз пикирин (оюн) жарыя айтуу мүмкүнчүлүгү (оозеки, жазуу жүзүндө, жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен) дегенди билдирет. Ошону менен бирге, дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде С. э-н мыйзамдуу бийликти күч колдонуу аркылуу кулатуу, мамлекеттик жана мыйзам тарабынан корголгон сырларды ачуу, кылмышка түртүү, улутчулдук, расалык, диний жана башка кагылышуулар, башка жакты басмырлоо жана ушактоо, коомдук жүрүм-турум жана адеп-актык каадаларына тийиштик кылуу үчүн пайдаланууга тыюу салынган. Өзгөчө тартип менен согуштук кырдаал маалында С. э-н чектөө тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.