СӨЗГӨ СӨЛТҮК КЫЛУУ Фразеологический словарь кыргызского языка (2015) Кепке-сөзгө калтыруу, абдан уят кылуу. Сөзгө сөлтүк кылбайын деп, силерди гана аяп отурам («Ала-Тоо»). Эл караган бетимди жер каратып, сөзгө сөлтүк кылды (Сыдыкбеков).