СӨЗҮН СҮЙЛӨӨ Фразеологический словарь кыргызского языка (2015) Кимдир бирөөнүн тарабында болуу, ошонун таламын талашуу. Улуктун ишин билбесең, Байдын сөзүн сүйлөсөң (Токтогул). Ал эми Абаздын таламын талашып, анын сөзүн сүйлөдү (Таштемиров).