СӨЗ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Речтин айрым бир түшүнүктү, объективдүү дүйнөнүн кубулушу жөнүндө тыбыштар аркылуу билдире турган бирдиги. Сөздүн мааниси. Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби. 2. Речь, кеп. Сабырдын сөзүнө балдар алакан чабышты (Сыдыкбеков). Сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт (макал). Сөзү орундуу адамдар кандай сонун, Урматталып берилет төрдөн орун (Баласагын). Карынын сөзүн капка сал (макал). Билбегенсип сүйлөйсүң, Сөз келер жайын билбейсиң (Калмырза).