СӨЗҮ ЭКИ БОЛБОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Айтканы айткандай болуу, убададан тайбоо, дегени аткарылбай калбоо. Эркетайдын сөзү эки болбойт, үйдүн жакшысын сомдойт (Бөлөкбаев). В.: Айтканы эки болбоо. Сыр билги сатуучу жигиттин айтканы эки болгон жок («Чалкан»). – Ата ишен! Энем мени бузган жок. Айтканың эки болбойт, бар деген Нурматыңа барайын (Жантөшев).