СӨЗҮ ӨТҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бирөөгө кайрылып айткан кеби, өтүнүчү, суроосу кабыл болуу, өзүнүн айтканына башка бирөөнү көндүрүү, макул кылуу, тил алдыруу. Тилдеп тили, айтып сөзү өтпөгөндүгүн Карачал эми түшүндү (Жоошбаев). Аке, эл, жерден азгандан кийин канчалык туура иш кылып жатсаңыз да көзгө көрүнбөй, сөзүң өтпөй калат тура (Турусбеков).