Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Речтин айрым бир түшүнүктү, объективдүү дүйнөнүн кубулушу жөнүндө тыбыштар аркылуу билдире турган единицасы. Сөздүн мааниси. Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби.
2. Речь, кеп. Сабырдын сөзүнө балдар алакан чабышты (Сыдыкбеков). Сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт (макал). Карынын сөзүн капка сал (макал).
Сөзмө-сөз — айтылгандай, жазылгандай, эч өзгөртүүсүз. Сөзгө аларлык — сөз кылууга арзырлык, көңүл бөлөрлүк. Сөзү эки болбоо — убададан танбоо, айтканын орундатуу. Сөзгө кирбөө — башка бирөөнүн азгыруусуна көнбөө, бирөөнүн таасирине өтпөө. Сөз берүү — убада берүү, убада кылышуу. Сөзгө конок берүү — сөздү жула качпай же өзү эле сүйлөй бербей, башкалардын сөзүн да угуу, кезек менен сүйлөө. — Жолдош бригадир, сөзгө конок бериңиз, имишке ишенбей эле коюңуз (Таштемиров). Басма сөз — басылып чыккан же чыгарыла турган чыгармалардын же башка материалдардын жалпы жыйындысы, басма, басып чыгаруу иштери. Кара сөз — чыгарманын ыр түрүндө эмес, жөнүнчө, кадыресе сүйлөө түрүндөгү формасы же анын тили. Жарыш сөз — жыйналышта, конференцияда ж. б. коюлган маселени талкуулоо, пикир алышуу иретинде сүйлөнгөн сөз.