Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сөздү жула качпай же өзү эле сүйлөй бербей, башкалардын сөзүн да угуу, кезек менен сүйлөө. – Жолдош бригадир, сөзгө конок бериңиз, имишке ишенбей эле коюңуз (Таштемиров). Алыбек сөзгө конок бербей бакылдай берген киши экен («Ала-Тоо»). Тоту жеңемдин сөзү отургандардын жүлүнүнө тийгендиктен, сөзгө конок беришпей, жеңеме каршы жаалаган сөздөр күч алды (Жантөшев).