Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Тизмеге алуу, учётко алуу, эсепке алуу, катка түшүрүү. Бул экөөбүздү жаңы түтүн эсебине каттады (Жантөшев).
КАТТА II этиш. Кабаттоо, кат-кат кылуу, үстү-үстүнө коюу. Ок өтпөгөн бадана, Төртөөнү каттап кийиптир («Манас»).
КАТТА III этиш. Катнашуу, бири-бири менен байланыш жасоо, келип-кетип туруу, экинчи бирөөгө баруу. Боз үй менен сарайдын ортосун миң мертебе каттады окшойт (Бөкөнбаев). Колхоздорго катташып, тажрыйба алышкан колхозчулар (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
катта- I
записывать, вносить в список, в реестр; регистрировать;
кайра катта- перерегистрировать.
катта- II
наслаивать, класть слоями.
катта- III
ходить или ездить взад и вперёд;
биздин абылга көп каттайт он часто бывает в нашем ауле (приезжает и уезжает).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде катта деген үч омоним этиш бар. Алардын биринчи жана үчүнчү омонимдери алгачкы кат «кош, аралаштыр» (ДТС, 432) этишине көп кайталанган -ла мүчөсүн жалгоодон келип чыккан. «Кош, аралаштыр» маанисиндеги кат этишине -ла мүчөсү жалганганда келип чыккан катта этишинин маанилери кескин айырмалуу болуп өнүккөн. Натыйжада алар азыркы күндө өзүнчө сөздөр катары таанылат. Тизмеге катта, мал катта, эл катта деген учурдагы катта этиши алгач «кош, кошуп эсепте, жаз» маанисинде болгон. Кийин ал маанинин өзөгү сакталып калышы менен бирге, колдонулушу кеңип, мааниси да өзгөргөн. Ал эми шаарга катта, туугандарга катта сыяктуу учурдагы катта этиши да алгачкы кат+ла морфемаларынан куралган. «Кош, аралаштыр» маанисиндеги кат этишине көп кайталангандыкты туюнткан -ла мүчөсү уланып, катта этиши жаралган. Алгач «кошулуп туруу, аралашып туруу» деген маани берсе, кийин «барып-келип туруу, байланышып туруу» деген маани берип калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кабат-кабат, кат-кат кылуу, үстү-үстүнө кабаттап жыюу. Соот, чопкут, олпокту, Каттай кийип алгыла («Эр Табылды»). Жууркандарын, кийиз-кечелерин каттап жыйып койгон төрдөгү жүккө көз жүгүрттү («Ала-Тоо»). Шырдакты эки каттап сала койчу («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бири-бирине катышуу, катыш жасоо, келип-кетип туруу. Баягыдай тез-тез каттап турууга шарт болбоду («Чалкан»). Катарлаш айыл конгондо, Каттап доор бир сүрдүм (Жеңижок). Салык досунукуна көп эле каттайт (Каимов). Боз үй менен сарайдын ортосун миң мертебе каттады окшойт (Бөкөнбаев). 2. Барып туруу, убакты, сааты менен бир жерден экинчи жерге кайталап барып-келүү. Үч араба бир бригад болуп, станцияга каттай беришсин (Айтматов). Машина бир күндө үч каттай турган жөнү бар, жакын эле жер го («Ала-Тоо»)!

Киргизско-русский словарь Юдахина
каттал- I
возвр.- страд. от катта- I
записываться, регистрироваться;
кайра каттал- перерегистрироваться.
каттал- II
возвр.- страд. от катта- II
наслаиваться, складываться слоями, пластами.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Арасына каймак же май сүйкөп, кат-кат кылып бышырган нан. Каттама, мамиле чай, шекер, каймак, Тамактын ар түркүмү бирден жайнап (Осмонов). Кемпир-чал уюн саап, сүтүн ичип, каймагына каттама кылып жеп күн көрүшчү («Жомоктор»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
катташ I
1. участие;
2. сношения.
катташ- II
взаимн. от катта- I
совместно записывать, совместно регистрировать.
катташ- III
взаимн. от катта- III
иметь общение друг с другом; принимать участие, вмешиваться;
жыңайлак катташ- см. жыңайлак.