КАТТА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргыз тилинде катта деген үч омоним этиш бар. Алардын биринчи жана үчүнчү омонимдери алгачкы кат «кош, аралаштыр» (ДТС, 432) этишине көп кайталанган -ла мүчөсүн жалгоодон келип чыккан. «Кош, аралаштыр» маанисиндеги кат этишине -ла мүчөсү жалганганда келип чыккан катта этишинин маанилери кескин айырмалуу болуп өнүккөн. Натыйжада алар азыркы күндө өзүнчө сөздөр катары таанылат.
Тизмеге катта, мал катта, эл катта деген учурдагы катта этиши алгач «кош, кошуп эсепте, жаз» маанисинде болгон. Кийин ал маанинин өзөгү сакталып калышы менен бирге, колдонулушу кеңип, мааниси да өзгөргөн.
Ал эми шаарга катта, туугандарга катта сыяктуу учурдагы катта этиши да алгачкы кат+ла морфемаларынан куралган. «Кош, аралаштыр» маанисиндеги кат этишине көп кайталангандыкты туюнткан -ла мүчөсү уланып, катта этиши жаралган. Алгач «кошулуп туруу, аралашып туруу» деген маани берсе, кийин «барып-келип туруу, байланышып туруу» деген маани берип калган.