КАТТАМА
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Арасына каймак же май сүйкөп, кат-кат кылып бышырган нан. Каттама, мамиле чай, шекер, каймак, Тамактын ар түркүмү бирден жайнап (Осмонов). Кемпир-чал уюн саап, сүтүн ичип, каймагына каттама кылып жеп күн көрүшчү («Жомоктор»).