Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Тизмеге алуу, учётко алуу, эсепке алуу, катка түшүрүү. Бул экөөбүздү жаңы түтүн эсебине каттады (Жантөшев).
КАТТА II этиш. Кабаттоо, кат-кат кылуу, үстү-үстүнө коюу. Ок өтпөгөн бадана, Төртөөнү каттап кийиптир («Манас»).
КАТТА III этиш. Катнашуу, бири-бири менен байланыш жасоо, келип-кетип туруу, экинчи бирөөгө баруу. Боз үй менен сарайдын ортосун миң мертебе каттады окшойт (Бөкөнбаев). Колхоздорго катташып, тажрыйба алышкан колхозчулар (Сыдыкбеков).