Киргизско-русский словарь Юдахина
түп I
1. низ; дно; корень; основание, основа;
жер түбүндө
1) под землёй;
2) перен. на краю света;
жер түбүнө барып келгендей он как будто на краю света побывал;
түлкү кызыл ат минген, түп куйругун шарт түйгөн фольк. сел он на краснолисого коня, хвост у репицы крепко подвязал;
2. род, происхождение; предки;
түбүнөн бери (он) начиная с давних предков; потомственный;
түбүнөн бери шахтёр (он) потомственный шахтёр;
туп тут- продолжать дело отца, дело предков;
жаман көргөн уулу түп тутат погов. дело предков продолжает нелюбимый сын отца (а любимый часто оказывается никудышным);
түп сүр- управлять народом;
тубу күчтүү родовитый;
3. платок на элечек (см.), наматываемый выше кеп чач (см. кеп II 1);
4. (обычно табак туп) остатки пищи на блюде, в чашке;
түбүн ич- или табак түбүн ич-
1) подбирать чьи-л. объедки;
2) перен. быть блюдолизом, чьим-л. прихлебателем;
түпкө жет- донять, допечь; доконать, загубить;
тирүү койбой, түпкө жетет он живым не оставит, доконает;
түбүмө жетти он меня донял, допёк;
өз түбүнө өзү жетти он сам загубил себя, он сам загубил свою жизнь;
түп көтөрө (или түпкөтөрө) совсем, все, всё, сплошь;
түп көтөрө кыргыз журт весь киргизский народ;
калың журт, түп көтөрө, бир жерге баш кошушту стих. массы народные (все) объединились;
олтургандар, түп көтөрө, тура калышты все сидевшие разом встали;
жылкысын түп көтөрө айдап кетишиптир он угнал всех его коней;
кудай түбүн берсин дай бог ему хорошей жизни (пожелание добра детям);
түбү... в конечном счёте, как бы ни было в начале, но...;
жоонун түбү эл болор, тоонун түбү бел болор погов. враг в конечном счёте мирным становится, гора в конечном счёте (понижаясь) перевалом становится;
түбү жыртык бездонный; ненасытный;
бул түбү жыртык дүйнөнүн түбунө чейин ким жеткен? фольк. кто до конца постиг этот ненасытный мир?
түбүн түшкөн! или түбүң түшкүр! чтоб твой род перевёлся!;
түбү жок кара суу спорщик по натуре (его не переспоришь и не переубедишь);
кулак түпкө кой- дать по уху;
анын түбү барып, жаман болот он плохо кончит, он добром не кончит;
түбү барып, ушуну көрдү вот до чего он в конце концов дожил;
кырман түп (см. кырман).
түп II
усиление к словам, начинающимся на тү;
түптүгөл (см. түгөл).
түп III
бух! (подражание глухому отдалённому отрывистому звуку);
түп этип, мылтыктын үнү угулат издалека слышится звук ружейного выстрела;
чоң жардан түп деп, сууга гүштү с высокого берега он бухнулся в воду.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Кандайдыр бир тереңдик абалындагы нерсенин төмөн жагы, асты жагы, төмөнкү бөлүгү. Деңиздерин чайпалтып, Суу түбүнөн чабабыз (Аалы).
2. Идиштердин жерге тийип туруучу астынкы бөлүгү, асты жагы. Ал көрсө, мор ордуна коюлган түбү түшкөн карапа тура (Сыдыкбеков).
3. Тамак жегенде калган же атайын калтырылган тамактын калдыгы, кешик. Табактын түбү. Түп калтыруу. Түп калтырбоо. Түбүн ичүү.
4. Өсүмдүктүн жерге батып турган тамыры, бөлүгү. Агызамын түптөрүнө, Тоонун тунук сууларынан (Маликов). Түптүү терек карагай, Түбү менен жулунган (Тоголок Молдо).
5. Өсүмдүктүн, жыгачтардын, бадалдын өсүп турган айрым даанасы, өзүнчө бир тобу. Короонун ортосунда эки түп абрикос, бир түп шабдалы, үч түп жүзүм бар (Жантөшев).
6. Бактын, үйдүн ж. б. жакын айланасы, жаны, тегереги. Карагайдын түбүн таап отура турсак кантет? (Жантөшев). Бекен булактын түбүнө келип отуруп, ойго чумуп кетти (Каимов).
7. Акыры, эң аягы. Тартпай койбойт түбүндө, Телтору аттын чалымын (Жантөшев). Сабырдын түбү сары алтын (макал).
8. Тек, ата-баба, түпкү теги, тукуму. Түп атаңыз Түгөл алп, Ушу турган Күлчоро Ойлосоң, уулум, атаңыз («Сейтек»).
Түп көтөрө к. көтөр. Түбүнө жетүү 1. жок кылуу, ойронуну чыгаруу, жоготуу;
2. кыйын абалга дуушар кылуу, жамандык кылуу, кызматтан түшүшүнө, уят болушуна ж. б. себепчи болуу. Балам, менин түбүмө жеткен баягы сөзүң болду — деп, атасы түбөлүк көзүн жумду («Жомоктор»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТҮПБҮТҮМ – анын катышуучуларынын түпкү көздөгөн максаты мазмунунан эле көрүнүп турган бүтүм. Т-дүн жарактуулугу анын максатына жараша болот. Шарттуу бүтүмдөр анын карама-каршысы болуп саналат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир тереңдик абалындагы нерсенин төмөн жагы, асты жагы, төмөнкү бөлүгү. Деңиздерин чайпалтып, Суу түбүнөн чабабыз (Токомбаев). 2. Бир нерселердин жерге тийип туруучу астыңкы бөлүгү, асты жагы. Ал көрсө, мор ордуна коюлган түбү түшкөн карапа тура (Сыдыкбеков). 3. Тамак жегенде калган же атайын калтырылган тамактын калдыгы, кешик. Табактын түбү. Түп калтыруу. Түп калтырбоо, Түбүн ичүү. 4. Өсүмдүктүн жерге батып турган тамыры, бөлүгү. Агызамын түптөрүнө, Тоонун тунук сууларынан (Маликов). Түптүү терек карагай, Түбү менен жулунган (Тоголок Молдо). 5. Өсүмдүктүн, жыгачтардын, бадалдын өсүп турган айрым даанасы, өзүнчө бир тобу. Короонун ортосунда эки түп абрикос, бир түп шабдалы, үч түп жүзүм бар (Жантөшев). 6. Бактын, үйдүн ж. б. жакын айланасы, жаны, тегереги. Карагайдын түбүн таап отура турсак кантет? (Жантөшев). Бекен булактын түбүнө келип отуруп, ойго чумуп кетти (Каимов). 7. Акыры, эң аягы. Тартпай койбойт түбүндө Телтору аттын чалымын (Жантөшев). Сабырдын түбү сары алтын (макал). 8. Тек, ата-баба, түпкү теги, тукуму. Түп атаңыз Түгөл алп, Ушу турган Күлчоро Ойлосоң, уулум, атаңыз («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Кандайдыр бир нерсенин түп жагындагы, эң асты жагындагы.
Алгачкы, чыккан теги боюнча. Түпкү атабыз кыргыздан, Запкыны көрдүк турмуштан (Токтогул).
2. Акыркы, акырында боло турган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТҮПКҮЛҮКТҮҮ СААМАЛЫК – жаңы муундагы тутумдарды (товарларды, машинелерди, технологияны, жабдууларды) түзүүгө мүмкүндүк бере турган байтүп илимий жетишкендиктерге негизделген саамалык. Т. с. өзгөчөлүгү ири көлөмдөгү илимий-изилдөө жана конструктордук тажырыйба иштеринин зарылчылыгында жатат. Т. с. биркатар аралаш өндүрүштү кайра курууну көздөйт, кыйла жогорку адепки капиталдык салымдарга жана узак мөөнөткө эсептелген. Т. с. жүзөгө ашыруучу инфратүзүм академиялык институттарды, мамлекеттик илимий борборлорду жана өндүрүштүк бирикмелерди өзүнө камтып турат, б. а., каржылык-өнөржайлык топ сыяктуу түзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТҮПКҮЛҮКТҮҮ ЭЛ – эларалык укукта башка аймактардан көчүп келген келгиндер жайгашканга чейин өз жеринде жашаган элдерди билдирген түшүнүк. М.: ага америкалык индейлер менен австралиялык аборигендер кирет. Алардын укугун коргой турган бир катар эларалык конвенциялар бар.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. самый низ; самая основа;
2. перен. подполье;
түпкүрдө иштеген большевиктер большевики, работавшие в подполье;
3. перен. глубина, дно;
ушул жооштуктун түпкүрүндө түнөргөн сыры да бар за этой смиренностью где-то в глубине кроется тайна;
качанкы бир түпкүрдөн элес келет стих. из глубины встаёт давний образ;
түпкүрдөн эң акыркы сөздү айтайын скажу-ка я последнее слово из глубин (души своей);
жүрөктүн түпкүрүндө в тайниках души; в глубине души.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Абдан тереңдеп, арылап кеткен тереңдиктин эң түпкү, түп жагы. Карабек үңкүрдүн түпкүрү жактагы таштын үстүндө бүрүшүп отурган Жамалды көрдү (Жантөшев). Алты баладан бир бригада түзүлүп, шахтанын түпкүрүндө иштеп жатышат (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан тереңдеп, арылап кеткен тереңдиктин эң түпкү, түп жагы. Карабек үңкүрдүн түпкүрү жактагы таштын үстүндө бүрүшүп отурган Жамалды көрдү (Жантөшев). Алты баладан бир бригада түзүлүп, шахтанын түпкүрүндө иштеп жатышат (Сасыкбаев). 2. өт. Тереңдик, туңгуюк. Дал ошо түпкүрдөгү сүйүүмдү жибитип, бакчылыкка бергем ачып (Абдыраманов). Кошулат бир мунарык мунарыкка, Түпкүрдөн түпкүрлөрдү карап келем (Сариева).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Түндүк болуп түйүлүп, Түпкүч болуп ийилип» (Манас). Бул казандын орун алышы үчүн жыгачтан жасалган жатак. Же алкак чуңкурайыңкы эки бөлүк жыгач бири-бирине тиксиз ашталат да, ал казандын түбүнө чакталат. Кийинчерээк эл отурукташкандан тартып тегерек темирди да түпкүч кылып колдонуп жүрөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТҮПНУСКАЛУУ КАМСЫЗДАНДЫРУУЧУ – жоопкерчилик кайра камсыздандырылган полис боюнча камсыздандыруучу. Т. к. кайра камсыздандырууда эчкандай укукка ээ болбойт, ошондой эле анда кызыкчылыгы да жок. Бул эгер Т. к. төлөөгө жөндөмсүз болуп чыкса жана Т. к-нун алдында өзүнүн милдеттенмелерин аткара албаса, анда кийинкисинин кайра камсыздандыруучудан төлөөнү талап кыла албай калат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
жүрөгүнө түпөйүл болуп жүрөт (это) его всё время беспокоит, не даёт ему покоя;
түбү жаман түш көрүп, түпөйүл болдум мен чочуп фольк. видел я сон с плохим концом, испугавшись, почувствовал угнетение;
түпөйүл оору
1) тяжёлая сердечная болезнь;
2) гнетущее настроение;
душманыңдын жүрөгү түпөйүл оору, муз болсун фольк. пусть сердце твоего врага леденеет, будет угнетено.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: жүрөгү түпөйүл болуу — 1) жүрөк кысылгандай, кандайдыр тирелип тургандай же тамак сиңбей өйүп тургандагыдай абалда болуу. Кычандын жүрөгүн түпөйүл басканы менен көңүлү сергек (Бейшеналиев); 2) бушайман болуу, санаасы тынбаган, чочулаган, шекшинген абалда болуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. пучок конского волоса;
2. ист. бунчук (кисть из конского волоса или из хвоста яка, привязывавшаяся к древку копья);
кызыл тупөк, сыр найза фольк. крашеная пика с красным бунчуком;
түпөгү жок найза пика без бунчука;
3. кисточка (как украшение);
ычкыры түпөк, кырк муун фольк. гашник у него с кисточкой, в сорок коленец.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылкынын куйругунун түбүнө жакыныраак айланта кертмек кылып кыркылган кылы. 2. Найзанын уч жагына тагылуучу топ кыл. Найзанын түпөгүн үзүп саламбы? («Семетей»). Сүңгүлөр жатыр сулайып, Түпөгү менен булайып («Манас» С. О.). Түпөгү жок айза алып («Семетей» С. К.). Добулбасты кактырып, Найзага түпөк тактырып («Эл адабияты»). Кашкардан кара туу келди, Түпөк байлап байракка («Эл адабияты»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. без дна; бездонный;
учсуз-түпсүз асман бескрайнее, бездонное небо;
2. (о человеке) безродный или не имеющий среди своих предков и родичей кого-л. видного;
түпсүз кул (см. кул 1);

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Түбү түшүп калган идиштердин ж. б. нерселердин түбүн бүтөө, түп салуу. Түптөгөн чака.
2. Кээ бир өсүмдүктөрдүн топурагын жумшартып, түбүнө үйүү. Топурак жумшак кезинде, Туура го түптөп салганым (Маликов).
3. Түп жасоо, түбүн бириктирүү. Мен болсом сынык нан үчүн китеп түптөймүн (Аалы).
4. Түбүн куруу, фундаментин куруу.
5. өт. Негиздөө, негиз салуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. вставлять дно; перен. закладывать основу;
2. двигаться по подножию или располагаться вплотную к подножию;
Кара-Тоону түптөп барып конду продвигаясь по подножию гор Кара-Тау, он расположился вплотную (к горам);
Манас Ополдун тоосун түптөдү фольк. Манас расположился вплотную к подножию горы Опол;
тар көчөдөгү тамды түптөй, катуу жүрүп келе жатты он быстро шёл по улице, (держась) ближе к стенам;
керегени түптөй тегерете отурушкан они сидели (в юрте), расположившись кружком, вплотную к кереге;
3. переплетать (книгу, тетрадь).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Түбү түшүп калган идиштердин ж. б. нерселердин түбүн бүтөө, түп салуу. Түптөгөн чака. 2. Кээ бир өсүмдүктөрдүн топурагын жумшартып, түбүнө үйүү. Топурак жумшак кезинде, Туура го түптөп салганым (Маликов). 3. Түп жасоо, түбүн бириктирүү. Мен болсом сынык нан үчүн китеп түптөймүн (Токомбаев). 4. Түбүн куруу, жер пайын куруу. 5. өт. Негиздөө, негиз салуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от. түптө-;
үйдүн түбү гана түптөлгөн заложен только фундамент дома;
эмдигиче түбү да түптөлбөптүр до сих пор даже фундамент не заложен;
китеп түптөлдүбү? книга переплетена?
түптөлгөн китеп переплетённая книга.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от түптө-
широко пустить корни; прям. , перен. укрепиться;
алманын тамыры түптөндү яблоня пустила корни;
айыл чарбачылыгынын тамыры түптөндү сельское хозяйство укрепилось;
түптөнгөн коюу кара мурут пробившиеся густые чёрные усики.

Киргизско-русский словарь Юдахина
в отриц. обороте
абсолютно, совершенно;
түптү неме койбой айт расскажи, абсолютно ничего не скрывая (букв. не оставляя); расскажи всё до мелочей;
дүнүйөгө тойбоду, түптү бирөөн койбоду фольк. богатством он не насытился, абсолютно ничего не оставил (всё забрал).