ТҮПӨК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жылкынын куйругунун түбүнө жакыныраак айланта кертмек кылып кыркылган кылы. 2. Найзанын уч жагына тагылуучу топ кыл. Найзанын түпөгүн үзүп саламбы? («Семетей»). Сүңгүлөр жатыр сулайып, Түпөгү менен булайып («Манас» С. О.). Түпөгү жок айза алып («Семетей» С. К.). Добулбасты кактырып, Найзага түпөк тактырып («Эл адабияты»). Кашкардан кара туу келди, Түпөк байлап байракка («Эл адабияты»).